Кофемашина Saeco SM6580/10 - инструкция пользователя по применению, эксплуатации и установке на русском языке. Мы надеемся, она поможет вам решить возникшие у вас вопросы при эксплуатации техники.
Если остались вопросы, задайте их в комментариях после инструкции.
"Загружаем инструкцию", означает, что нужно подождать пока файл загрузится и можно будет его читать онлайн. Некоторые инструкции очень большие и время их появления зависит от вашей скорости интернета.

552
Кыргызча
Тартуу орнотуусун тууралоо
Сиз кофенин күчтүүлүгүн кофе даны үчүн контейнеринде жайгашкан майдалоону жөнгө салуучу
которгучтун жардамы менен өзгөртө аласыз. Майдалоону жөндөө мааниси канчалык төмөн болсо,
кофе даны ошончолук майдаланып, кофе күчтүү болуп берилет. Майдалоонун 12 түрүнүн бирин
тандоого болот.
Кофемашинаны алдын ала тууралоо кофе данынан мыкты суусундукту алууну камсыздайт.
Ошондуктан биз 100-150 чыны кофе даярдамайынча (болжол менен 1 ай колдонуу) кофе
майдалагычты жөндөөнү сунуштайбыз.
Кофе майдалагычты жөндөө кофемашина кофе данын майдалоо режиминде турган учурда гана
аткарылат. Айырманы толук сезүү үчүн, 2-3 суусундук даярдоо керек.
Кофе майдалагычты сындырып албаш үчүн, майдалагычты жөндөө которгучун бир жолкуда бир
бөлүмдөн көп которбоңуз.
1
Чыныны кофе чыга турган чоргого коюңуз.
2
Кофе даны үчүн контейнердин (21-сүрөт) капкагын чыгарыңыз.
3
Эспрессо сүрөтчөсүн басыңыз, андан кийин баштоо/токтотуу баскычын басыңыз.
4
Кофе майдалагыч данды майдалап баштаганда, майдалоону жөнгө салууну которгучту басыңыз
жана аны солго же оңго бураңыз. (22-сүрөт)
Кофемашинанын башка параметрлерин жөндөө
Жөндөөлөр сүрөтчөсүн басып, сиз төмөндөгү кофемашина жөндөөлөрүн тууралай аласыз:
-
Суунун катуулугу: аймагыңыздагы суунун катуулугуна жараша 5 деңгээлден тандай аласыз.
-
Күтүү убагы: 15, 30, 60 же 180 мүнөттүк узундукту тандай аласыз.
-
Дисплейдин жарыктыгы: минималдуу, орточо, максималдууну тандай аласыз.
-
Тил: каалаган дисплей тилин тандай аласыз.
-
Добушу: кофемашинанын сигнал үнүн күйгүзүп же өчүрсөңүз болот.
-
Маңдайкы жарык: "ар дайым күйүк", "кайнатуу убагында күйүк" же "ар дайым өчүк" арасынан
тандай аласыз.
-
Ченөө бирдиги: мл. же унц. арасынан тандай аласыз.
Заводдук жөндөөлөрдү калыбына келтирүү
Кофемашина сизге каалаган учурда суусундуктар үчүн заводдук жөндөөнү калыбына келтирүү
мүмкүнчүлүгүн берет.
1
Жөндөөлөр сүрөтчөсүн басыңыз.
2
Өйдө жана ылдый жебелерди колдонуп, "Заводдук жөндөөлөрү" тандаңыз. ОК сүрөтчөсүн басып,
ырастаңыз.
3
Жөндөөлөрдү калыбына келтирүү ниетиңизди ырастоо үчүн, баштоо/токтотуу баскычын
басыңыз.
-
Эми жөндөөлөр калыбына келтирилди.
Төмөндөгү заводдук жөндөөлөр баштапкы калыбына келтирилди: суунун катуулугу, күтүү убагы,
дисплейдин жарыктыгы, үн
,
маңдайкы жарык, профилдер.
Характеристики
Остались вопросы?Не нашли свой ответ в руководстве или возникли другие проблемы? Задайте свой вопрос в форме ниже с подробным описанием вашей ситуации, чтобы другие люди и специалисты смогли дать на него ответ. Если вы знаете как решить проблему другого человека, пожалуйста, подскажите ему :)











