Кофемашина Saeco SM6580/10 - инструкция пользователя по применению, эксплуатации и установке на русском языке. Мы надеемся, она поможет вам решить возникшие у вас вопросы при эксплуатации техники.
Если остались вопросы, задайте их в комментариях после инструкции.
"Загружаем инструкцию", означает, что нужно подождать пока файл загрузится и можно будет его читать онлайн. Некоторые инструкции очень большие и время их появления зависит от вашей скорости интернета.

551
Кыргызча
-
Жаңы жөндөөлөрүңүз эми сиз тандаган түстүү профилге сакталды.
Сиз ар дайым кофемашинаңыздын ('Заводдук жөндөөлөрдү калыбына келтирүү' караңыз)
заводдук жөндөөлөрүн кайтара аласыз.
Конок профили
Машинаңызда конок профили бар. Конок профили тандалганда, профилдин сүрөтчөсү өчүк болот.
Бул профилди тандаганыңызда жөндөөлөрүңүздү каалагандай кылып жекелештире аласыз, бирок
сиз даярдаган рецепттер сакталбайт.
Кошумча порция (ExtraShot)
Кофемашинаңыз кофе жана сүт ичимдиктериңизге кошумча Ристреттону кошуу мүмкүнчүлүгүн берет,
мисалы, күчтүүрөөк кофе ичүүнү кааласаңыз.
1
Чыныны чоргонун алдына коюңуз.
2
Суусундук сүрөтчөлөрүнүн бирин бир басып, суусундук (2-сүрөт) тандаңыз же башка суусундукту
(3-сүрөт) тандоо үчүн "Дагы Суусундуктар" сүрөтчөсүн басыңыз.
3
Күчтү жогорку деңгээлге коюу үчүн өйдө жебени колдонуңуз жана ExtraShot функциясын (17-сүрөт)
тандаңыз.
4
Башка жөндөөлөрдү жекелештиргиңиз келсе, OK сүрөтчөсүн басыңыз. Андан соң, суусундукту
даярдоо үчүн баштоо/токтотуу баскычын басыңыз.
5
Суусундукту берүүнү процедура аяктаганга чейин токтотуу үчүн, баскычын кайра басыңыз.
ExtraShot функциясын тандаганыңызда, бир гана кофе даярдасаңыз болот.
Кофемашинанын параметрлерин жөндөө
Суунун катуулугун жөндөө
Машина жакшы жана көпкө чейин иштеши үчүн суунун катуулук параметрин аймагыңыздагы
суунун катуулук деңгээлине тууралоону сунуштайбыз. Тууралап алсаңыз, машинаңызды кечке
кебээрден тазалап отурбайсыз. Суунун катуулугунун демейки параметри катары 4 тандалган: катуу
суу.
Аймагыңыздагы суунун катуулугун аныктоо үчүн кутудагы суунун катуулугу
боюнча сынак тилкесин колдонуңуз.
1
Суунун катуулугу боюнча сынак тилкесин түтүктөн агып чыккан сууга салып, же болбосо крандын
астында 1 секунд кармаңыз (18-сүрөт).
2
1 мүнөт күтүңүз. Сынак тилкесинде кызыл түскө өзгөргөн чарчылардын саны суунун катуулугун
көрсөтөт (19-сүрөт).
Машинаны суунун туура катуулугуна коюңуз:
1
Жөндөөлөр сүрөтчөсүн басып, жогору жана ылдый жебелери аркылуу "Суунун катуулугун"
тандаңыз. Андан кийин ырастоо үчүн ОК сүрөтчөсүн басыңыз.
2
Жогору жана ылдый жебелер менен суунун катуулук деңгээлин тандаңыз. Дисплейде тандалган
кызыл чарчылардын саны сынак тилкесиндеги кызыл чарчылардын санына дал келиши керек
(20-сүрөт).
3
Суунун катуулугун туура койгондон кийин, аны ырастоо үчүн ОК сүрөтчөсүн басыңыз.
Характеристики
Остались вопросы?Не нашли свой ответ в руководстве или возникли другие проблемы? Задайте свой вопрос в форме ниже с подробным описанием вашей ситуации, чтобы другие люди и специалисты смогли дать на него ответ. Если вы знаете как решить проблему другого человека, пожалуйста, подскажите ему :)











