COOLFORT CF-3200 - Инструкция по эксплуатации - Страница 30

Роботы-пылесосы COOLFORT CF-3200 - инструкция пользователя по применению, эксплуатации и установке на русском языке. Мы надеемся, она поможет вам решить возникшие у вас вопросы при эксплуатации техники.

Если остались вопросы, задайте их в комментариях после инструкции.

"Загружаем инструкцию", означает, что нужно подождать пока файл загрузится и можно будет его читать онлайн. Некоторые инструкции очень большие и время их появления зависит от вашей скорости интернета.
Страница:
/ 40
Загружаем инструкцию
background image

30

КЫРГЫЗ

Эскертүү:

1.  Оң менен сол капталдагы щеткаларды алмаштырып 

орнотсо болбойт.

2.  Щетканы  ар  колдонуудан  кийин  чаң  менен  шыпы-

рындылардан тазалап, зарыл болсо суу менен жууп 

туруу зарыл.

Капталдагы щетканы (11 же 19) чечүү үчүн аны эки тарт-

кычынан кармап, өйдө тартыңыз. 

Чаң топтогуч/идиш (8) менен чыпканы (26)  

чечүү-орнотуу 

Ортосунда  жайгашкан  бекитмени  басып,  чаң  топтогуч/

идишти  (8)  өзүңүзгө  тартыңыз  (сүр.  9).  Чаң  топтогуч/

идиштен (8) чаң топтогуч контейнерин (23) өйдө тартып 

чыгарыңыз.  НЕРА-чыпканы  (26)  чечүү  үчүн  оң  жагын-

дагы  бекитмени  (25)  тартыңыз.  НЕРА-чыпканы  (26) 

ажыратыңыз (сүр. 20). 

НЕРА-чыпканы (26) чаң топтогуч контейнерине (23) тырс 

эткенине чейин киргизиңиз. 

Чаң  топтогуч  контейнерин  (23)  кайрадан  чаң  топтогуч/

идиштин  ичине  киргизип,  аны  чаң  соргучтун  корпусуна 

орнотуңуз. 

Кубаттандыруу станциясын (29) орнотуу

• 

Кубаттандыруу  станцияны  дубалдын  жанында  тегиз 

жерге  орнотуңуз,  станциянын  түбү  жерге  перпенди-

кулярдуу болуу зарыл.

• 

Кубаттандыруу  станциясынын  алдында  1,5  метрден 

кем  эмес  бош  жер  бар  болуу  зарыл,  кубаттандыруу 

станциясынын  чеке  жактарында  0,5  метрден  кем 

эмес бош жер бар болуу зарыл (сүр. 1). 

• 

Тармактык  адаптердин  кошуу  шнурунун  штекерин 

кубаттандыруу  станциясындагы  (29)  уясына  (32) 

сайыңыз.  Азыктандыруу  сапсалгысынын  кошуу 

шнурун  тыкан  түрүп,  ал  салаңдап  турганына  жол 

бербеңиз (сүр. 1, 2). 

Эскертүү:  Кубаттандыруучу  станцияны  көп  чагыл-

дыргыч  жөндөмдүүлүгү  менен  нерселерге  жакын 

орнотпоңуз, мисалы, күзгүлөрдүн жанына, каршы учур-

да чаң соргучтун кубаттандыргыч станцияны издөөсү 

кыйындайт.

ЧАҢ СОРГУЧТУ КОЛДОНУУНУН АЛДЫНДА

• 

Жерден  ар  кыл  тармактык  шнурларын,  желе  улан-

дыргычтарын  жана  башка  чаң  соргучтун  жүрүшүнө 

тоскоолдук  кылган  ушул  сыяктуу  буюмдарды  алып 

салыңыз.

• 

Чаң соргуч тегиз жерде же түгү кыска болгон (1.5 сан-

тиметрден  ашпаган)  килемде  колдонууга  арналган. 

Узун  түктүү  килемдерди  тазалоо  үчүн  чаң  соргучту 

колдонууга тыюу салынат.

• 

Чаң  соргучтун  жүрүү  жолунда  жерге  чейин 

салаңдаган  дасторкон,  парда  жана  башка  буюмдар 

жок болгонун текшерип алыңыз.

• 

Эмерек  буюмдарды  чаң  соргуч  бош  жүрүүсүн  кам-

сыз кылып орнотуп, жерден башка буюмдарды алып 

салыңыз.

• 

Чаң  соргучту  бек  турбаган  эмереги  бар  имарат-

та  колдонбоңуз,  айрыкча  анын  үстүндө  тез  сынган 

буюмдар же күйүп турган шамдар турганында.

• 

Чаң соргучтун корпусуна башка буюмдарды салбаңыз 

да орнотпоңуз, үй жаныбарлар чаң соргучтун корпусу-

нун үстүндө жайгашпаганын байкап туруңуз.

• 

Чаң  соргучтун  колдонуунун  алдында  анын  жүрүү 

жолунда ичке жерлери жок болгонун текшерип алыңыз.

• 

Бөлмөдө  чачылары  бар  килем  жатса,  чачыларды 

килемдин астына алып салуу зарыл. 

• 

Чаң соргучтун нымдуу жыйноо функциясын килемде 

колдонууга тыую салынат. 

• 

Чаң соргуч робот тепкичтен кулап түшпөгөнү үчүн анын 

кулап түшкөнүнө жол бербеген тосмону колдонуңуз.

ЧАҢ СОРГУЧТУ ПАЙДАЛАНУУ

Чаң соргучтун аккумулятор батареясын 

кубаттандыруу 

• 

Кубаттандыруу  станциясын  (29)  орнотуңуз,  орнотуу 

жөнүндөгү кеңештер үстүдөгүдө жазылган. 

• 

Азыктандыруу  сапсалгысын  (44)  электр  розеткасы-

на сайыңыз. 

• 

Чаң  соргучту  кубаттандыруу  станциясынын  (29)  так 

ортосунда  орнотуңуз,  чаң  соргучтагы  контактылар 

(10)  кубаттандыруу  станциясындагы  контактылары 

(31) менен дал келүү зарыл, чаң соргуч кубаттанды-

рылып баштайт. 

• 

Аккумулятор  батареясын  биринчи  жолу  8  сааттын 

ичинде кубаттандырыңыз. 

Эскертүү: 

1.  Кубаттандыруу  станциясы  жок  болгондо  чаң  соргуч-

ту  азыктандыруу  сапсалгысынын  жардамы  менен 

электр  тармагынан  кубаттандырса  болот  (сүр.  2). 

Ошол  учурда  азыктадыруу  сапсалгысынын  кошуу 

шнурун  (44)  штекерин  чаң  соргучтун  корпусундагы 

уясына (6) сайыңыз. 

2.  Чаң  соргучту  кубаттандыруу  станциясына  (29) 

орнотууда  капталдагы  щеткалардын  (9)  абалын 

текшериңиз.  Щеткалардын  түгү  чаң  соргучтун  кон-

тактылары (10) менен кубаттандыруу контактыларды 

(30)  тоспогону  зарыл.  Түгү  чаң  соргучтун  контакты-

нын (10) үстүндө болсо, щетканы (11, 19) тарткычта-

рынан тартып бураңыз. 

Эскертүү:  Чаң  соргучту  кубаттандыруу  станция-

сына  (29)  орноткондо  же  аны  азыктандыруу  сапсал-

гысы  аркылуу  кубаттандырганда  түзмөк  алдын  ала 

өчүрүлгөн болсо дагы ал автоматтык түрдө күйөт. 

• 

Баскычтардын  (3) 

  менен  (2) 

  үлпүлдөбөй 

туруктуу  күйгөнүн  күтүңүз,  аккумулятор  батареянын 

кубаттандыруусу бүтүп, чаң соргуч иштетүүгө даяр. 

Чаң соргучту иштетүү/өчүрүү 

• 

Чаң соргучту иштетүү үчүн баскычты (3) 

 3 секун-

дадан көп кармап туруңуз. Бир нече убакыттан кийин 

үн  белгиси  пайда  болуп,  баскычтардын  (2  менен  3) 

жарыгы туруктуу күйөт. Чаң соргуч иштетүүгө даяр. 

Эскертүү: 

– 

Чаң  соргучтун  үстүнкү  бетиндеги  баскычтар 

сенсордук,  керектүү  функциясын  иштетүү  үчүн 

баскычты тийүү жетиштүү. 

–  Ар бир баскычты тийгенде үн белгиси чыгат.

• 

Чаң соргучту өчүрүү үчүн (3)   баскычты 3 секунда-

дан ашык, үн белгиси пайда болгонуна чейин басып 

туруңуз,  чаң  соргуч  өчүп,  баскычтардын  (2  менен  3) 

жарыгы өчөт. 

Көңүл буруңуз! Чаң соргуч роботко жер жуучу саптама 

(15)  орнотулган  болсо,  иштеткенде  ал  автоматтык 

түрдө  нымдуу  жыйноо  (жерди  жууш)  режимин  иште-

тет,  ал  жөнүндө  «Нымдуу  жыйноону  баштайм»  үн 

белгиси  менен  белгилейт.  Нымдуу  жыйноо  менен 

бирге  кургак  жыйноо  (чаң  соргуч  режими)  өткөзүлөт. 

Кургак жыйноо режимин (чаң соргуч режимин) колдонуу 

үчүн  түзмөктөн  жерди  жууш  үчүн  саптаманы  (15) 

Полезные видео

Характеристики

Оцените статью
tehnopanorama.ru
Остались вопросы?

Не нашли свой ответ в руководстве или возникли другие проблемы? Задайте свой вопрос в форме ниже с подробным описанием вашей ситуации, чтобы другие люди и специалисты смогли дать на него ответ. Если вы знаете как решить проблему другого человека, пожалуйста, подскажите ему :)

Задать вопрос

Часто задаваемые вопросы
Как посмотреть инструкцию к COOLFORT CF-3200?
Необходимо подождать полной загрузки инструкции в сером окне на данной странице
Руководство на русском языке?
Все наши руководства представлены на русском языке или схематично, поэтому вы без труда сможете разобраться с вашей моделью
Как скопировать текст из PDF?
Чтобы скопировать текст со страницы инструкции воспользуйтесь вкладкой "HTML"