Пылесос VITEK VT-1888 - инструкция пользователя по применению, эксплуатации и установке на русском языке. Мы надеемся, она поможет вам решить возникшие у вас вопросы при эксплуатации техники.
Если остались вопросы, задайте их в комментариях после инструкции.
"Загружаем инструкцию", означает, что нужно подождать пока файл загрузится и можно будет его читать онлайн. Некоторые инструкции очень большие и время их появления зависит от вашей скорости интернета.

41
КЫРГЫЗ
• Жабдыктын жыйынтыгынын толугун текшерип
алыңыз.
• Түзмөктүн бузулуулары жок болгонун текшерип
алыңыз, бузулуулар бар болсо, түзмөктү электр тар-
магына туташтырбаңыз.
• Түзмөктүн көрсөтүлгөн чыңалуусу электр тарма-
гынын чыңалуусуна ылайык болгонун текшерип
алыңыз. Түзмөктү жыштыгы 60 Гц болгон электр
тармагында колдонууда эч кандай кошумча иш-
аракеттерди жасоо зарыл эмес.
• Чаңды кетирүү үчүн бууландыргычты жумшак бир аз
нымдуу чүпүрөк менен сүртүп, андан соң кургатып
сүртүңүз.
ШАЙМАНДЫ ТУУРА КОЛДОНУУ
Шайман, ички тиричиликте пайдаланууга, суюктуктарды
жана чаңдарды сорууга, ушул жетекчиликте келтирил-
ген мүнөздөмөлөргө жана нускамаларга ылайык бууну
колдонуу менен кургак жана/же нымдуу материалдар-
ды (кирлерди) жоюуга арналган. Ушул нускамаларды
жакшылап окуп сактап коюңуз. Ушул жетекчилик менен
www.vitek.ru веб-сайты аркылуу таанышып, жана/же
жүктөп алсаңыз болот.
Тиричилик чаңын гана сордуруңуз. Суу же башка суюк-
тук менен толтурулган идиштен түздөн-түз сордурбаңыз.
Нускамада көрсөтүлгөн максималдуу көлөмдү сактап,
бетке чачылган суунун бир гана көлөмүн чогултуңуз.
Максималдуу деңгээлден ашып кетпегендей кылып
кургак жана нымдуу кир чогулткучтун толуп калуусун
улам-улам текшерип туруңуз. Бор, цемент жана куру-
луштан же кирпич тургузуудан калган башка калдык-
тарга колдонбоңуз. Жерге жана кумга/топуракка ж.у.с.
колдонбоңуз.
Күлгө, көөгө жана күйүктүн калдыктарына (камин, барбе-
кю ж.у.с.) колдонбоңуз.
Принтерге, ксерокско же факска (тонер жана сыя
күлмайдасы) колдонбоңуз.
Учтуу жана катуу нерселерди сордурбаңыз. Өндүрүүчү
эстетикалык, техникалык жана конструктивдүү өзгө-
рүүлөрдү алдын ала эскертүүсүз киргизүүгө укугу бар.
Өндүрүштөн чыгуусуна чейин бардык буюмдар кылдат
текшерүүдөн өтөт. Дал ушул себептен түзмөгүңүздүн ре-
зервуарында суунун бир аз көлөмү бар болушу мүмкүн.
Өнүмдүн туура колдонулушу ушул пайдалануу боюнча
жетекчиликте гана жазылган. Башкача колдонуу шай-
манды бузуп, кепилдикти жокко чыгарышы мүмкүн.
КАНДАЙ СУУНУ КОЛДОНУУ КЕРЕК
Шайман кадимки суу өткөрмө түтүгүнөн келген 8°С
баштап 20°С чейинки сууга иштелип чыгарылган. Эгер
суу өткөрмө түтүктөгү сууда акиташ көп камтылса,
ошол суунун 50% жана сатып алууга мүмкүн болгон
деминерализацияланган суунун 50% аралашмасын
пайдаланыңыз.
13- бөлүмдө сүрөттөлгөндөй кебээрден сактаган чыпка-
сын мезгили менен алмаштырып туруңуз. Жаандын су-
усун же парфюмдук кошулмаларды (мисалы, атыр) кам-
тыган сууну же башка тиричилик шаймандандары, суу
жумшарткычтары же чыпкалар менен өндүрүлгөн сууну
эч качан пайдаланбаңыз. Химиялык, акиташты табигый
жуучу же кетирүүчү каражаттарды ж.у.с. кошпоңуз.
Бөтөлкөгө куюштурулган ичилчү сууну колдонуунун ал-
дында анын жалпы минерализациясын билиңиз (энбел-
гисинде көрсөтүлөт) жана аны суу өткөрмө түтүгүндөгү
суунун көрсөткүчтөрү менен салыштырыңыз (аларды
суу менен жабдуу уюмунун сайтынан же интернеттен
издеп табууга болот). Адатта, бөтөлкөгө куюштурулган
суунун минерализациясы 100-400 мг/л түзөт.
Крандагы суунун минерализациясы алдан канча азыра-
ак болушу мүмкүн, ошондуктан бөтөлкөгө куюштурулган
суу кебээрдин пайда болуусун жогорулатуусу ыктымал.
Чаң соргучту тынымсыз пайдаланууда резервуардагы
сууну улам-улам жаңыртып жана суунун туруп калуусун
жана жагымсыз жытты болтурбоо үчүн резервуардын
өзүн жууп туруу керек.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Эгер бройлерде кебээр пайда бол
со, ушул учур кепилдикке кирбейт.
Буу менен иштеген чаң соргуч VT-1888:
1 ИЧИНДЕ 3 ӨНҮМ
Бул ыңгайлуу буу менен иштеген вертикалдуу шайман
бирөөсүндө үч өнүм камтыйт жана аны чаң соргуч, буу
менен иштеген швабра жана портативдүү буу менен та-
залагыч катары колдонууга болот. Ал көп тазалоо функ-
цияларын аткарып, ар кандай беттерди тазалай алат:
ар кандай жасалгадан жертаман (плитка, керамогранит,
паркет), ашканада иштөө беттерди, тартуулар, ванна,
кран, бириктирүүлөр, терезелер жана күзгүлөр, каптоо-
лор, дивандар, креслолор, матрастар, жаздыктар, унаа
интерьерлери), бөлмө эшиктери жана шкаф эшиктери,
жылытуу радиаторлору жана роллкойгучтар, шторалар
жана кийимдер, жашыл өсүмдүктөр. Үчүнчү жак, көз ка-
рандысыз лаборатория тарабынан өткөрүлгөн сыноолор
буу менен тазалагыч микрофибрадан салынган чүпүрөк
менен 30 секунд иштөө узактыгында ушул жетекчиликте
камтылган нускамалардга ылайык колдонууда микроб
жана бактериялардын 99,9% кетирээри ырасталган.
1. ШАЙМАНДЫН ЧАҢ СОРГУЧ/БУУ МЕНЕН ИШТЕГЕН
ШВАБРА ТҮРҮНДӨ ЧОГУЛТУУ
1.1. Буюмда бузуктуктар жок жана бардык бөлүктөрү
жеткирүү топтомунда бар экенин текшерип шайман-
ды таңгагынан чыгарыңыз.
1.2. Шайманын корпусун (3) универсалдуу щеткага
туташтырыңыз (1) (1-сүр.).
Универсалдуу щетканы чечүү үчүн, бутуңузду щеткага
коюп, баскычты басыңыз (21) жана шайманды ташуу
туткасынан (15) тик өйдө тартыңыз.
ЭСКЕРТҮҮ: шайманды чогултуунун алдында буралгы
(14) шаймандын таңгагында киргизилгенде узартыл-
ган түтүккө (9) буралып киргизилгенин байкаңыз.
1.3. Буралгынын (14) узартылган түтүктөн (9) шлиц бу-
рагычы менен бурап чыгарыңыз. Узартылган түтүктү
шаймандын корпусундагы отургузула турган жерине
орнотуп буралгыны бекитиңиз (2-сүр.)
ЭСКЕРТҮҮ: мезгилмезгили менен буралгы бекем
бекитилгенин текшерип туруңуз.
1.4. Кездеме кабына (28) саптама-швабрага (27) кийги-
зип, аны универсалдуу щеткага (1) саптама-швабра-
нын фиксаторлору универсалдуу щетканын (3-сүр.)
тиешелүү оюгуна киргендей кылып туташтырыңыз
(буу менен тазалоо гана үчүн)
.
ЭСКЕРТҮҮ: саптама-швабраны (27) универсалдуу
щет
кадан (1) чечүү үчүн капталындагы педалдары-
нын (22) бирин басыңыз жана түзмөктү туткасынан (15)
тик өйдө тартыңыз.
VT-1888.indd 41
10/20/20 3:24 PM
Содержание
- 13 Не загораживайте отверстия и решетки на изделии.
- 14 Сохраните заводскую упаковку.
- 15 Минимальный уровень (
- 16 ет легко очищать углы и края мебели и стен.
- 17 Подсоедините наиболее подходящий аксессуар
- 19 чтобы избежать протечек.; ДИАГНОСТИКА НЕСИПРАВНОСТЕЙ
- 20 Проблема; Пылесборник не снимается.; УТИЛИЗАЦИЯ; Срок службы устройства – 3 года