Сушилки для овощей и фруктов VITEK VT-5056 - инструкция пользователя по применению, эксплуатации и установке на русском языке. Мы надеемся, она поможет вам решить возникшие у вас вопросы при эксплуатации техники.
Если остались вопросы, задайте их в комментариях после инструкции.
"Загружаем инструкцию", означает, что нужно подождать пока файл загрузится и можно будет его читать онлайн. Некоторые инструкции очень большие и время их появления зависит от вашей скорости интернета.

26
КЫРГЫЗ
мөөнөтүнүн жарымын түзгөн мөөнөттү коюңуз.
Даяр жашылчаларды секциялардын (4) үстүнө
жайып салыңыз.
–
Кесилген жашылчаларды кайнаган сууга салып,
3-4 минутадан кийин кагаз сүлгүсү менен
кургатып, секциялардын (4) үстүнө жайып
салыңыз.
КУРГАТУУНУН МӨӨНӨТҮ
Ар ингредиенттин кургатуу мөөнөтү азыктардын
сапаты менен өлчөмүнө жана имараттын
ичиндеги температурасы менен салыштырмалуу
нымдуулугуна байланыштуу болуп, өзгөчө
аныкталат.
Жашылчалар жана мөмөлөр үчүн кургаткытчы
колдонуу сайын кургатуунун керектүү мөөнөтүн
өзүңүз таңдасаңыз болот.
Даяр мөмөлөр жумушак, нымдуулугу жок болуу
зарыл. Өтө кургатылган мөмөлөр жаманыраак
сакталып, тамактануу заттары аз болот.
Кургатылган жашылчалар катуу жана сынма
болуу зарыл.
Эскертүү:
Бир жолу иштетүү циклинде
сиз азыктарды кургатып бүтпөсөңүз,
ыңгайлуу убакытта кургатууну улантсаңыз
болот. Ошол учурда азыктарды кургаткыч
сецияларында (4) имарат температурасына
чейин муздатып, азыктарды пакеттерге же
азык контейнерлерине салып, муздаткычтын
тоңдургучуна салыңыз.
КОШУМЧА МУМКУНЧУЛУКТӨРҮ
Чөптөр, күлдөр, жыттуу чөптөр
–
Дээрлик
бардык
чөптөр
кургатууга
ылайыктуу.
–
Жыттуу чөптөрдү сабагы менен кургатыңыз,
кургаткандан кийин жалбырактарын сабагынан
ажыратыңыз.
–
Чөптөр жакшы кургаганын текшериңиз, андай
болбосо чирип бузулуу процесси башталышы
мүмкүн.
–
Кургатылган күлдөрдү атырдуу сашелерди
жасоо үчүн пайдалансаңыз болот.
Эт жана балыкты кургатуу
–
Чийки жана бышкан этти же балыкты
кургатсаңыз болот. Этти жана балыкты алдын
ала иштетүү сиздин ден-соолугуңузду сактап,
милдеттүү түрдө жасалуу зарыл.
–
Сүрсүгөн эт же балык суюк же коюу
тамак бышыруу үчүн колдонулса болот.
Колдонгондун алдында аны сууга же сорпого
бир саатка чылап салыңыз.
–
Майы жок арык этти (уй же тоок этин) жана
жаңы балыкты кургатуу үчүн таңдаңыз.
–
Балыкты же этти алдын ала маринаддап же
бышырып салыңыз.
Маринаддын рецепти
:
0,5 чыны соя чыгы
1 чай кашык тууралган сарымсак
2 чоң кашык томат пастасы
1,25 чай кашык туз
0,5 чй кашык тарттырылан калемпир
Этти сүрсүтүү
Уй этин талчанын туурасынан майда кесимдерге
бөлүңүз. Эт кесимдерин маринадга 3 саатка
чылап, андан кийин чыгарып кургатып салыңыз.
Кесимдерди кургатуу секциялардын үстүнө жайып,
8-15 сааттын ичинде кургатып туруңуз. Сүрсүгөн этти
герметикалык таңгагында үй температурасында
2 жумадан ашпаган мөөтөткө, муздаткычта болсо –
3 айдан ашпаган мөөнөткө сактаңыз.
Балыкты сүрсүтүү
Сүрсүтүү үчүн тоңдурулган балыкты колдонбоңуз.
Кылкандарын чыгарып, балыкты кесиңиз.
Балыкты туз эритмесине (жарым чыны туз 1 литр
сууга) салып 30 минутага муздаткычка салыңыз,
балык кесимдерин чыгарып, кургатып салыңыз.
Балык кесимдерин табака салып, үстүнө туз
менен жыттуу чөптөрун себиңиз (туздун 1 чай
кашыгы 1 кг балыкка). Табактын үстүн жабып,
муздаткычка 6 саатка салыңыз.
Балык кесимдерин кургатуу секцияларына (4)
салып, суусу сыгып бүткөнүнө чейин кургатып
туруңуз. Балыкты муздаткычта 3 айдан ашпаган
мөөнөткө сактаңыз.
Бышкан балык же етти кургатуу
Этти же балыкты алдын ала бышырыңыз. Майды
алып салып, кубиктерге кесип алыңыз. Даяр
болгонуна чейин кургатыңыз. Герметикалык
таңгакта үй температурасында 2 жумадан
ашпаган мөөнөткө, муздаткычта болсо –3 айдан
ашпаган мөөнөткө сактаңыз.
Азыктарды сактоо
Кургатылган азыктарды туура таңгактоо сактоо
мөөнөтүн узартат.
–
Кургатуудан кийин азыктарды муздатып
салыңыз, андан кийин герметикалык пластик
баштыктарга салыңыз. Азыктарды вакуум
таңгагында сактоосу эк жакшы натыйжаны
берет.
IM VT-5056.indd 26
19.09.2018 10:34:13