Стиральная машина Атлант СМА 50У106 - инструкция пользователя по применению, эксплуатации и установке на русском языке. Мы надеемся, она поможет вам решить возникшие у вас вопросы при эксплуатации техники.
Если остались вопросы, задайте их в комментариях после инструкции.
"Загружаем инструкцию", означает, что нужно подождать пока файл загрузится и можно будет его читать онлайн. Некоторые инструкции очень большие и время их появления зависит от вашей скорости интернета.

30
ROM
TGK
KYR
Информация для предварительного ознакомления. Официальной информацией изготовителя не является
Информация для предварительного ознакомления. Официальной информацией изготовителя не является
Информация для предварительного ознакомления. Официальной информацией изготовителя не является
Информация для предварительного ознакомления. Официальной информацией изготовителя не является
1.3.2
Баштапкы жуу
өтө кир пахта кездемеси үчүн каралган.
Бул функция тандалганда, кездеме, жуучу заттар аралашкан, темпе-
ратурасы 30
0
С сууда жуулат. Бул негизги жуу учурунда кирдин жакшы
жуулушуна жардам берет.
1.3.3
Жибитүү
өтө кир пахта кездемеси үчүн каралган.
Кездеме жуучу заттар аралашкан сууда 2 саат бою (кез-кези менен
айлануу менен) жибитилет да, тандалган программа боюнча жуулат.
Бул функцияны тандоодо баштапкы жуу функциясы
да иштетилет
– ошого тиешелуу эки индикатор күйөт. Жибитүү, баштапкы жуудан
кийин, жибитүү индикатору өчүп-күйүп баштаганда аткарылат.
1.3.4
Бактагы суу менен токтотуу
жука кездемелерден
жасалган буюмдардын кир жуу учурунда бырышуусун азайтуу үчүн
колдонулат. Бул функцияны тандаганда, сууну төгүү жана сыгуу атка-
рылбайт. Жууп бүткөндөн кийин
кнопкасы басылат: суу төгулөт
жана жуу бүтөт.
1.3.5
Жеңил үтүктөө
кездемелердин кир жуу жана сыгуу
учурунда бырышуусун азайтуу жана кийинки үтүктөөнү жеңилдеттүү
үчүн колдонулат. Бул функция кир жуунун кылдат режимин колдо-
нуп, этияттык менен сыгып, буюмдарда бырыштын көп болбошуна
көмөктөшөт.
1.3.6
Кошумча чайкоо
жаш балдардын кийимдерин, жуучу
заттарга аллергиясы бар адмдардын кийимдерин, же жуучу заттарды
таза чайкай албаган өтө жумшак сууда жуу учун каралган. Бул функ-
цияны тандоодо программага дагы бир чайкоо кошулат.
1.3.7
Жаш балдардан кооруу
жаш балдардын кокустан про-
граммаларды өзгөртүп коюдан сактайт. Бул функция тандалса, панел-
деги
кнопкасынан башка бардык кнопкалар блокировакаланат.
1.3.8
Кийинкиге калтырылган старт
кир жуунун башталышын
белгилүү бир убакытка жылдырууга мүмкүнчүлүк берет.
1.4 ДИСПЛЕЙДИН ТИЛИН ТАНДОО
1.4.1
Машинаны биринчи жолу иштеткенде, дисплейдеги текст
түрүндөгү информациянын тилин тандоо сунуш кылынат. Дисплейдеги
информация ар түрдүү тилдерде көрсөтүлүшү мүмкүн.
Дисплейдин тилин тандоо үчүн,
кнопкасын 5 секунда басып
туруш керек. Андан кийин ошол эле убакта (
кнопкасын коё бербей)
машинаны
кнопкасын басып ишетиңиз. Дисплейде текст түрүндөгү
информация берилүүчү тилдердин аттары пайда болот. Анадн кийин,
же
кнопкалардын жардамы менен керектүү тилди тандап,
кнопкасын басып, тандоону ырастаңыз.
Тандалган тил кийинки иштөөлөрдө сакталат.
1.5 ДОБУШ СИГНАЛИЗАЦИЯСЫН ИШТЕТҮҮ/ӨЧҮРҮҮ
1.5.1
Машинанын добуш сигнализациясы бар. Добуш сигналы ма-
шинанын иштеп баштаганын же бүткөнүн коштойт жана туура келбеген
функцияларды бергенде, машина берилген программа боюнча иштеп
турган кезде кокустан кнопкалар басылып калса жаңырат.
жана
кнопкаларын кошуп 3 секунда ичинде басып туруп,
машинанын добуш сигналдарын өчүрсө болот (дисплейде «Sn-0»
белгиси пайда болот). Бирок, машинанын бузулгандыгы жөнүндө
маалымдаган сигналдар өчпөйт.
жана
кнопкаларын кайра
басканда, добуш сигнализациясы иштеп калат (дисплейде «Sn-1»
белгиси пайда болот).
1.6 МАШИНАНЫ ИШТЕТҮҮ
1.6.1
Машинаны
кнопкасын басып иштетсе болот – дисплей
күйөт жана анда “ПАХТА” программасы, 60
0
C температурасы жана
максималдуу сыгуу ылдамдыгы көрсөтүлөт (кошумча функциялардын
индикаторлору күйбөйт).
1.7 ПРОГРАММА ТАНДОО
1.7.1
Жуу программасын
же
кнопкалары менен тандаса
болот.
Дисплейде, 1-таблицага ылайык, программалардын аттары
жана аларга туура келген, иштеп чыккандар тарабынан берилген,
негизги параметрлер көрсөтүлөт (жуу температурасынын эң чоң
көрсөткүчтөрү, сыгуу ылдамдыктары, электр энергиясын жана сууну
сарптоо көрсөткүчтөрү, жуу мөөнөтү). Параметрлердин көрсөткүчтөрү
лабораториялык шарттарда аныкталган.
Машина иштеп жатканда, жуу мөөнөтү, суу жана электр энерги-
ясын сарптоо, температурага, суу тармагындагы басымга, жүктөлгөн
буюмдардын массасына, кездеменин түрүнө, электр тогунун кубатына
ж.б. карай өзгөрүшү (азайышы же көбөйүшү) мүмкүн.
ЭСКЕРТҮҮ! Дисплейде көрсөтүлгөн жуу убакты, жуунун бүткөн
чыныгы убактынан айырмаланышы мүмкүн.
1.7.2
Температуранын, сыгуу ылдамдыгынын, кошумча функция-
лардын көрсөткүчтөрүн тандагандан электр энергиясын сарптоо жана
жуу мөөнөтү өзгөрөт.
1.8 ТЕМПЕРАТУРАНЫ ТАНДОО
1.8.1
Берилген программа үчүн жуу температурасын кнопкасын
басып тандайт. Тандалуучу температура көрсөткүчтөрү: муздак, 30
0
С,
40
0
С, 50
0
С, 60
0
С, 70
0
С, 80
0
С, 90
0
С.
1.9 СЫГУУ ЫЛДАМДЫГЫН ТАНДОО
1.9.1
кнопкасы жуу программасында каралган сыгуу ылдамды-
гынан төмөн ылдамдык тандайт. Сыгуу ылдамдыгынын көрсөткүчтөрү:
0, 400 жана андан 200 ай./мин интервалы менен ары максималдуу
көрсөткүчкө чейин.
ЭСКЕРТҮҮ! Жуу процессинини арасында болгон сыгуу ылдам-
дыгы жөнгө салынбайт жана тандалган программага карай болот.
ЭСКЕРТҮҮ! Эгерде жүктөлгөн буюмдар айлампа ичинде
бирдей бөлүштүрүлбөй калса, сыгуу ылдамдыгы азаят же сыгуу
жүргүзүлбөйт.
1.10 КОШУМЧА ФУНКЦИЯЛАРДЫ ТАНДОО
Кошумча функцияны тандоо үчүн
кнопкасын басыңыз.
Андан кийин
же
кнопкаларынын жардамы менен кошумча
функциянын индикаторун тандаңыз. Дисплейде функциянын аты
жана ага тиешелүү индикатор күйүп турат. Тандалган функцияны
кнопкасын басып ырасташ керек. Башка функциялар ушундай эле
жол менен тандалат.
Тандалган функцияны жокко чыгаруу үчүн,
же
кнопкала-
рынын жардамы менен тиешелүү индикаторду тандап,
кнопкасын
басыш керек – функциянын индикатору өчүп-күйүп калат да, функция
жокко чыгат.
Кошумча функцияларды тандоодон чыгуу үчүн
кнопкасы
басылат.
1.10.1 “Жаш балдардан кооруу” кошумча функциясы
(
)
Бул функцияны, машина иштеп турганда,
жана
кнопка-
ларын бирге 3 секунда басып туруп тандаса да, жокко чыгарса да
болот.
Бул функцияны тандаганда жана андан кийин дисплейдеги каа-
лаган кнопканы басканда, 5 секундага “ЖАШ БАЛДАРДАН КООРУУ”
деген жазуу пайда болот.
ЭСКЕРТҮҮ! “Жаш балдардан кооруу” кошумча функциясын
кир жуулуп бүткөндө же машинаны кийинки иштеткенде өчүрүш
керек – функция автоматтык түрдө өчпөйт.
1.10.2
“Кийинкиге калтырылган старт” кошумча функциясы
(
)
2-сүрөттө көрсөтүлгөндөй, бул функция тандалса, дисплейдин
кийинкиге калтырылган старт убактысынын индикация зонасында
«24:Н» күйүп калат.
же
кнопкаларынын жардамы менен
керектүү убакытты көрсөтсө болот (өзгөртүү интервалы 1 саат). Убакыт
көрсөтүлгөндөн кийин,
кнопкасын басып ырастап коюу керек.
Бул функцияны өчүрүү керек болсо,
кнопкасын басып, “0:Н”
деген убакытты көрсөтүп,
басып коюу керек.
1.11 ПАРАМЕТРЛЕРДИ МАШИНАНЫН ЭСИНЕ САКТОО
1.11.1
Жуу параметрлерди машинанын эсинде сактоо “ПАХТА”,
“СИНТЕТИКА”, “НАЗИК КЕЗДЕМЕЛЕР”, “ЖҮН” деген программалар
үчүн иштейт (ар бирине бир варианттан). Тандалган жуу параметрлер-
ди (температура, сыгуу ылдамдыгы, кошумча функциялар) сактоо үчүн,
узак мөөнөттүн ичинде (3 секунда)
кнопкасын басып туруш керек
– дисплейде “ПРОГРАММА САКТАЛДЫ” деген жазуу пайда болот.
Эсте сакталган параметрлерди тандоо үчүн, керектүү программа-
ны тандап,
кнопкасын басыш керек – дисплейде мурда сакталган
жуу параметрлери көрүнөт.
1.12 ЖУУНУ БАШТОО
1.12.1
Машина тандалган жуу программасы боюнча иштеш үчүн,
кнопкасын басыш керек — добуш сигнал жаңырат, эшиктин бекитүү
механизми иштеп, кир жуулуп баштайт.
Эгер эшик жабык эмес же начар жабылган болсо, жуу башталбайт,
дисплейде “ЭШИКТИ ЖАБЫҢЫЗ” деген жазуу пайда болот. Эгерде,
“Кийинкиге калтырылган старт” (
) кошумча функциясы басылган
болсо, анда дисплейде кир жуу башталганга калган убакытты артка
саноо башталат.
1.12.2
Машина иштеп жатканда, анын дисплейинде ар 10 секун-
дада алмашып, программанын аты (аны параметрлери менен) же
аткарылып жаткан операция (КИЙИНКИГЕ КАЛТЫРЫЛГАН СТАРТ,
БАШТАПКЫ ЖУУ, ЖИБИТҮҮ, ЖУУ, ЧАЙКОО, СУУ МЕНЕН ТОКТОТУУ,
СЫГУУ) көрсөтүлүп турат.
1.13 МАШИНАНЫ УБАКТЫЛУУ ТОКТОТУУ (ПАУЗА)
1.13.1
Программаны жокко чыгарбай машинаны убактылуу ток-
тотуу үчүн,
кнопкасын 2 секунда басып туруңуз — добуш сигнал
жаңырат, убакытты эсептөө жана жуу токтойт. Дисплейде убакыт
көрсөткүчү өчүп-жанып калат.
Содержание
- 2 RUS
- 3 П Р О Г Р А М М Ы С Т И Р К И
- 4 Продолжение таблицы 1 - Программы стирки
- 13 AZE; M A Ş I N I N İ Ş L Ə M Ə S İ N İ N T Ə S V İ R İ; AVTOMATİK PALTARYUYAN MAŞINLAR; Əlavə
- 15 DİQQƏT! Əgər suyun barabandakı səviyyəsi qapının şüşəsindən; Y U M A P R O Q R A M L A R I; Cədvəl 1 – Yuma proqramları
- 16 Cədvəl 2 – Texniki xarakteristikalar
- 17 RON; D E S C R I E R E A F U N C T I O N A R I I M A S I N I I; MAŞINI DE SPĂLAT AUTOMATE; Anexa
- 19 BUMBAC; Tabel 1 – Programul de spălare; ATENŢIE ! Nu deschideţi uşa masinii, în cazul în care nivelul apei; P R O G R A M E D E S P A L A R E
- 20 Tabel 2 – Caracteristicile tehnice; Desen; – Tabel
- 24 Jadvali – Texnik xususiyatlar