Indesit EWSB 5085 CIS - Инструкция по эксплуатации - Страница 18

Стиральная машина Indesit EWSB 5085 CIS - инструкция пользователя по применению, эксплуатации и установке на русском языке. Мы надеемся, она поможет вам решить возникшие у вас вопросы при эксплуатации техники.

Если остались вопросы, задайте их в комментариях после инструкции.

"Загружаем инструкцию", означает, что нужно подождать пока файл загрузится и можно будет его читать онлайн. Некоторые инструкции очень большие и время их появления зависит от вашей скорости интернета.
Страница:
/ 32
Загружаем инструкцию
background image

Машина ар бир программа үчүн каралган максималдуу мааниден 

ашык болгон температураны тандоого автоматтык түрдө жол 

бербейт. 

КЕҢЕШТЕР ЖАНА СУНУШТООЛОР

Жуулчу кирди буларга карай бөлүңүз:

Кездеменин түрү (пахта, аралашкан кездеме, синтетика, жүн, 

кол менен жуула турган кийимдер). Түс (түстүү киймдерди ак 

түстүүлөрдөн ажыратыңыз, жаңы түстүү кийимдерди өзүнчө жууңуз). 

Назиктер (майда кийимдер - мисалы нейлон колготкилери - жана 

илгичтери бар нерселер, мисалы бюстгалтерлерди: атайын чүпүрөк 

баштыгына салып жууңуз).

Чөнтөктөрдү бошотуңуз:

Тыйындар, оттуктар сыяктуу нерселер кир жуугуч машинасын же 

барабанга зыян келтириши мүмкүн. Бардык топчурарын текшериңиз.

КАРОО ЖАНА КАМ КӨРҮҮ

Тазалоо жана кам көүү иштерин жүргүзгөнгө чейин, кир жуугуч 

машинаны өчүрүп, аны негизги кубаттан ажыратыңыз. Кир жуугуч 

машинаны жуу үчүн күйүүчү суюктуктарды колдонбоңуз.

Суу жана кубат камсыздоочуларды ажыратыңыз

Ар жуугандан кийин суу кранын өчүрүңүз. Бул кир жуугуч машинанын 

ичиндегини чектеп, суунун агуусунун алдын алат.

Кир жуугуч машинаны тазалап жатканда же кам көрүү ишин жасап 

жатканда кубаттан ажыратып коюңуз.

Кир жугуч машинаны тазалоо

Шаймандын тышкы бөлүкчөлөрү жана резинадан жасалган 

компоненттери жылымык самын сууга чүпүрөктү салып, суулап, аны 

менен тазаласа болот. Аралашмалар же абразивдүү агенттерди 

каолдонбоңуз.

Кир жуучу каражат диспенсеринин суурмасын тазалоо

Аны агып турган суунун астында жууңуз; бул аракет тез тезден 

кайталанып турушу керек.

Эшик менен барабанды кароо

Жашымсыз жыттардын пайда болушун болтурбоо үчүн, машинанын 

эшигин ар дайым бираз ачык калтырыңыз.

Түтүктү тазалаңыз

Кир жуучу машыинада өзүн-өзү тазалоочу сордургуч менен камсыз 

кылынган. Ошондуктан, ал өзгөчө кам көрүүнү талап кылбайт. Майда 

нерселер (тыйындар же топчулар сыяктуу) кээде соргучтун астында 

жайгашкан коргоочу бөлүмгө түшүп калышы мүмкүн.

! Жуу циклинин аяктаганыны текшерип, шайманды өчүрүңүз.

Алдыңкы бөлүмгө кошулуу үчүн:

1. машинанын маңдайындагы каптоо мукабасын биринчи так 

ортосунан басып, андан соң эки жагынан тең ылдый каратып сүрүп, 

аны чыгарыңыз;

2. дренаждык сргучтун капкагын саат жебесине каршы багытта 

бурап, бошотуңуз: бираз суу агышы мүмкүн;

3. ичин кылдаттык менен тазалаңыз;

4. капкагын кайра бурап коюңуз;

5. панелди кайра ордуна коюп, илгичтердин оюгунун туура келгенин 

текшерип, панелди шайманга түртүңүз.

Суу кирүү түтүгүн текшерүү

Суу кирүү түтүгүн жок дегенде жылына бир карап коюп туруңуз. Эгер 

анда жылчык же тешик пайда болсо, аны алмаштырып коюу керек: 

жуу циклдеринин убагында, суунун биуик басымы түтүктү чыгарып 

салышы мүмкүн.

! Мурда колдонулган түтүктөрдү колдонбоңуз.

КИРДИ ТЕҢ САЛМАКТОО ТУТУМУ

Ар бир сыгуунун алдында ашыкча вибрациядан алыс болуу үчүн 

жана барабанда кирди тегиз бөлүштүрүү үчүн машина кир жуунун 

ылдамдыгынан бир аз жогору ылдамдык менен айлантат. Эгерде 

бир нече аракеттен кийин кир туура тең салмактанбаса, машина 

каралгандан азыраак ылдамдыкта сыгат.

ЖАБДУУЛАР

Биздин Техникалык жардам кызматыбызга кайрылып, төмөндөгү 

жабдуулар  бул кир жуугуч машинасынын моделине туура келээрин 

текшериңиз.

Улоо таңгагы

Бул жабдуу менен, сиз мейкиндикти үнөмдөө, кургатуучу барабанды 

жүктөөнү жана бошотууну жеңилдетүү үчүн кир жуугуч машинанын 

үстүнө кир кургаткыч машинаны улап алсыңыз болот.

ТАШУУ ЖАНА ИШТЕТҮҮ

Кир жуугуч машинаны өйдө жагынан кармап, көтөрбөңүз.

Шайманды электр кубатынан ажыратып, суу кранын жабыңыз. Эшик 

менен кир жуучу каражат диспенсеринин суурмасы катуу жабылып 

турганын текшериңиз. Суу кранынан суу толтуруучу түтүктү чыгарып, 

андан соң суу агызуу түтүгүн ажыратыңыз. Түтүктөрдө калган бардык 

сууну агызып, ташуу убагында зыян келбеши үчүн түтүктү 

коопсузураак бекитип коюңуз. Ташуу бурагычтарын кайра бурап 

коюңуз. “Орнотуу нучкамалары” бөлүмүндө көрсөтүлгөн бурагычтарды 

чыгаруу процедурасынын бардыгын тескери ыраатта кайталаңыз.

САКТОО ЖАНА ТАШУУ ШАРТТАРЫ

Таңгакталган кир жуугуч машинаны табигый желдетүүсү бар жабык 

жайларда 80%дан көп эмес салыштырмалуу нымдуулукта сактоо 

керек. Эгерде машина узак убакыт пайдаланылбаса жана 

жылытылбаган жайда сактала турган болсо, машинаны суудан толук 

өчүрүү керек. Машинаны ташуу алдында кир жуугуч машинанын 

багынын бузулушуна жол бербөө үчүн, тыгыны менен транспорттук 

бурамаларды орнотуу керек. Машинаны жабык машинанын бардык 

түрү менен, аны бекем бекитип жумушчу абалында (вертикалдуу) 

ташуу керек. Кир жуугуч машинаны жүктөө-түшүрүү иштеринде 

урунууга кабылтууга ТЫЮУ САЛЫНАТ. 

Полезные видео

Характеристики

Оцените статью
tehnopanorama.ru
Остались вопросы?

Не нашли свой ответ в руководстве или возникли другие проблемы? Задайте свой вопрос в форме ниже с подробным описанием вашей ситуации, чтобы другие люди и специалисты смогли дать на него ответ. Если вы знаете как решить проблему другого человека, пожалуйста, подскажите ему :)

Задать вопрос

Часто задаваемые вопросы
Как посмотреть инструкцию к Indesit EWSB 5085 CIS?
Необходимо подождать полной загрузки инструкции в сером окне на данной странице
Руководство на русском языке?
Все наши руководства представлены на русском языке или схематично, поэтому вы без труда сможете разобраться с вашей моделью
Как скопировать текст из PDF?
Чтобы скопировать текст со страницы инструкции воспользуйтесь вкладкой "HTML"