Пылесос Vitek VT-8106 - инструкция пользователя по применению, эксплуатации и установке на русском языке. Мы надеемся, она поможет вам решить возникшие у вас вопросы при эксплуатации техники.
Если остались вопросы, задайте их в комментариях после инструкции.
"Загружаем инструкцию", означает, что нужно подождать пока файл загрузится и можно будет его читать онлайн. Некоторые инструкции очень большие и время их появления зависит от вашей скорости интернета.

23
КЫРГЫЗ
•
Чаң топтогучту (26) алмаштыруунун же
тазалоонун алдында, чаң соргучту өчүрүп,
кубаттуучу сайгычын розеткасынан ажыратыңыз.
•
Кездеме чаң топтогучту (26) тазалоо үчүн
таштанды контейнердин үстүндө кармап,
пластик баскычын чечип алыңыз. Керек болсо,
кездеме чаң топтогучту жумшак жуучу каражаты
менен жылу сууга жууп, жакшылап кугратып,
андан кийин пластик баскычын ордуна
орнотуңуз.
•
Кирүүчү (21) жана чыгаруучу НЕРА-
чыпкалардын (12) тазалыгын сактаңыз,
анткени ал чаң соргучтун эффективдүүлүгүнө
байланыштуу; чыпкаларын бир жылда үч-төрт
жолудан кем эмес? өтө булганса – андан да
жышыраак тазалап туруңуз.
Кирүүчү чыпканы (21) тазалоо
•
Чаң соргучту өчүрүп, электр тармагынан
ажыратыңыз.
•
Бекитмесин (17) басып чаң топтогучтун
отсегинин капкагын (16) ачыңыз. Чаң топтогучту
(26) чыгарыңыз.
•
Кирүүчү чыпкасын (21) кармап, өйдө тартып
кармагычтарынан (20) чыгарыңыз.
•
Кирүүчү чыпкасын (21) жылуу сууга жууп,
жакшылап кургатып, кармагычтарына (20)
орнотуңуз.
•
Чаң топтогучту (26) ордуна коюңуз.
•
Чаң топтогучтун отсегинин капкагын (16)
жабыңыз.
Чыгуучу НЕРА-чыпкасын (12) тазалоо
•
Чаң соргучту өчүрүп, электр тармагынан
ажыратыңыз.
•
Чыгуучу чыпкасынын панжарасын (7)
бекитмесин (8) басып чечиңиз, НЕРА-чыпкасын
(12) чыгарыңыз.
•
НЕРА-чыпкасын (12) жылуу суунун агымынын
астында жууңуз. НЕРА-чыпкасын (12) идиш
жуучу аспабында жуубаңыз.
•
НЕРА-чыпкасын (12) кургатыңыз. НЕРА-
чыпкасын кургатуу үчүн фенди колдонууга тыюу
салынат.
•
НЕРА-чыпкасын (12) ордуна коюңуз.
•
Чыгуучу чыпканын панжарасын (7) ордуна
коюңуз.
Эскертүү:
–
Чыпкаларын (12, 21) орнотуунун алдында алар
кургак болгонун текшерип алыңыз.
–
Чыпкаларын (12, 21) кургатуу үчүн фенди
колдонууга тыюу салынат.
Чаң соргучтун корпусу
–
Чаң соргучтун корпусун жумшак бир аз нымдуу
чүпүрөк менен сүртүп, андан соң кургатып
сүртүңүз.
–
Чаң соргучтун корпусун, электр шнурун жана
кубатуучу сайгычын сууга же башка ар кыл
суюктуктарга салууга тыюу салынат. Чаң
соргучтун ичине суу куюлганына жол бербеңиз.
–
Чаң соргучтун корпусун тазалоо үчүн
эриткичтерди жана абразивдүү тазалоо
каражаттарды колдонууга тыюу салынат.
САКТОО
•
Чаң соргучту узак убакытка сактоого алып
салуудан мурда анын корпусун, чаң топтогучу
менен чыпкаларын (12, 21) тазалап алыңыз.
•
Сактоонун ыңгайлуулугу үчүн щетканы «коюу»
жайын (19) колдонуңуз.
•
Чаң соргучту балдардын колу жетпеген кургак
салкын жерде сактаңыз.
ЖАБДЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ
1.
Кездеме чаң топтогучу менен чыпкалары
орнотулган чаң соргуч – 1 даана.
2.
Ийилчээк түтүкчө - 1 даана.
3.
Узарткыч телескоптук түтүкчө - 1 даана.
4.
Универсалдык щётка - 1 даана.
5.
Бириктирилген щётка - 1 даана.
6.
Колдонмо- 1 даана.
7.
Кагаз чаң топтогуч- 3 даана.
ТЕХНИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨСҮ
Кубаттандыруу чыңалуусу: 220-240 В, ~ 50 Гц
Максималдуу кубаттуулугу: 2200 Вт
Соруунун кубаттуулугу: 400 Вт
Өңдүрүүчү шаймандардын дизайнин жана
техникалык мүнөздөмөлөрүн алдын ала
билдирбей өзгөртүү укугун сактайт
Шаймандын кызмат мөөнөтү – 3 жыл
Кепилдик
Кепилдик берүү шарттары тууралуу толук
маалыматтар буюмду саткан сатуучудан алууга
болот. Кепилдик шарттарына ылайык талап кылып
сатылган товарга чек же дүмүрчөктү көрсөтүү
керек.
IM VT-8106.indd 23
11.09.2017 12:17:01
Характеристики
Остались вопросы?Не нашли свой ответ в руководстве или возникли другие проблемы? Задайте свой вопрос в форме ниже с подробным описанием вашей ситуации, чтобы другие люди и специалисты смогли дать на него ответ. Если вы знаете как решить проблему другого человека, пожалуйста, подскажите ему :)