Пылесос Vitek VT-8106 - инструкция пользователя по применению, эксплуатации и установке на русском языке. Мы надеемся, она поможет вам решить возникшие у вас вопросы при эксплуатации техники.
Если остались вопросы, задайте их в комментариях после инструкции.
"Загружаем инструкцию", означает, что нужно подождать пока файл загрузится и можно будет его читать онлайн. Некоторые инструкции очень большие и время их появления зависит от вашей скорости интернета.
22
КЫРГЫЗ
–
Шаймандын бүтүндүгүн текшерип алыңыз,
бузулуулары бар болсо, шайманды иштетпеңиз.
–
Шайманды иштетүүнүн алдында иштөө
чыңалуусу электр тармагындагы чыңалуусуна
ылайык болгонун текшериңиз.
Эскертүү: Насадка-щёткаларын алмаштыруунун,
чаң топтогучту (26) алмаштыруунун алдында ар
дайым чаң соргучту өчүрүп, кубаттуучу сайгычын
электр тармагынан ажыратыңыз.
Ийилчээк түтүкчөсүн туташтыруу
•
Ийилчээк түтүкчөнүн учун (14) аба алуучу
тешигине (25) киргизиңиз.
•
Ийилчээк түтүкчө туура туташтырылганын
белгилеген тырс этүүсүнө чейин аны киргизип
туруңуз.
•
Ийилчээк түтүкчөсүн чечүү зарыл болсо,
бекитмелерин (15) басып, түтүкчөнү чечиңиз.
Телескоптук түтүкчөсү менен насадкаларын
туташтыруу
•
Телескоптук узарткыч түтүкчөсүн (4) ийилчээк
түтүкчөсүнүн туткасына (5) туташтырыңыз.
•
Телескоптук түтүкчөнүн ылдый жагын
бекитмесин (3) алдын ала басып керектүү
узундугуна чыгарыңыз.
•
Керектүү насадкасын- астана/килем үчүн
щётканы (1) же бириктирилген щётканы (24) –
таңдап, аны телескоптук узарткыч түтүкчөсүнө
(4) туташтырыңыз.
ЩЁТКА НАСАДКАЛАРЫН КОЛДОНУУ
Астана/килем үчүн щёткасы (1)
Щёткадагы (1) которгучун (2) керектүү абалына
(жыйналуучу беттин түрүнө карата) коюңуз.
Бириктирилген щёткасы (24)
Щётка (24) радиаторлорду, жарыктарды, бурчтарды
же дивандын жаздыктарынын арасын тазалоо үчүн
гана эмес, эмеректин үстүндөгү чаңды чогултуу
үчүн дагы арналган, щёткадагы (24) түгү эмеректин
жылмаланган беттерин чийилип бузулуусуна жол
бербейт.
Чаң топтогучту (26) колдонуу
Жабдык жыйынтыгына 3 кагаз бир колдонмо чаң
топтогучу менен 1 ыңгайлуу тазалоого арналган
пластмасса баскычы бар көп колдонмо кездеме
чаң топтогучу кирет.
•
Бекитмесин (17) басып чаң топтогучтун
отсегинин капкагын (16) ачыңыз.
•
Чаң топтогучтун кармыгычынан (23) кармап
тартып, чаң топтогучтун кармагычын (23)
бекитмелеринен (22) чыгарыңыз.
•
Чаң топтогучту (26) ордуна коюу үчүн чаң
топтогучтун кармагычын (23) бекитмелерине
(22) орнотуңуз
•
Чаң топтогучтун отсегинин капкагын (16)
жабыңыз.
Эскертүү: Чаң топтогучтун отсегинин
капкагын (16) жапкандын алдында милдеттүү
түрдө чаң топтогучу (26) туура орнотулганын
текшериңиз.
ЧАҢ СОРГУЧТУ КОЛДОНУУ
Коопсуздук чаралары
•
Өтө ысыган беттердин, мисалы, күл
өчүргүчтөрдүн, тикеден-тике жакынчылыгында
жана тез жалындап кетүүчү суюктуктар
сакталган жеринде чаң соргучу иштетпеңиз.
•
Шайманды иштетип турган мезгилде соруунун
күчү тез азайып калса, аны токтоосуз өчүрүп,
телескоптук түтүкчөсүнө же ийилчээк
түтүкчөсүнө эч нерсе тыгылып калбаганын
текшерип алыңыз. Чаң соргучту өчүрүп, электр
тармагынан ажыратып, түтүкчөлөрүн бошотуп,
андан кийн гана иштетүүнү улантсаңыз болот.
КОЛДОНУУ
Көңүл буруңуз! Чаң соргучту чаң топтогучу
(26) жана кируучу (21) менен чыгуучу (12)
чыпкалары орнотулганда гана иштетсе
болот. Чыпкалары туура орнотулганын
милдеттүү түрдө текшериңиз
.
•
Иштетүүнүн алдында электр шнурун керектүү
узундугуна тартып чыгарып, кубаттуучу
сайгычын электр розеткасына сайыңыз.
•
Электр шнурундагы сары белгиси шнурдун
максималдуу узундугун белгилейт. Кызыл
белгисинен ары тартууга тыюу салынат.
•
Чаң соргучту иштетүү үчүн иштетүү/өчүрүү
баскычын (9) басыңыз.
•
Шайманды иштетип турганда соруу күчүн соруу
кубаттуулуктун жөндөгүчү (10) аркылуу жөнгө
салсаңыз болот.
•
Имаратты тазалап бүткөндөн кийин иштетүү/
өчүрүү баскычын (9) басып, кубаттуучу
сайгычын электр розеткасынан ажыратыңыз.
•
Электр шнурун түрүп жыйноо үчүн шнурун түрүү
баскычын (11) басып, түрүлүп турган шнуру
чалынып бузулбоо үчүн аны колуңуз менен
тосуп туруңуз.
ТАЗАЛОО ЖАНА КАРОО
•
Чаң соргучту колдонуу мезгилинде чаң топтогуч
толуп калгандын индикатору (13) «кызыл»
болуп калса, кагаз чаң топтогучту алмаштыруу
же кездеме чаң топтогучту тазалоо зарыл.
IM VT-8106.indd 22
11.09.2017 12:17:01
Характеристики
Остались вопросы?Не нашли свой ответ в руководстве или возникли другие проблемы? Задайте свой вопрос в форме ниже с подробным описанием вашей ситуации, чтобы другие люди и специалисты смогли дать на него ответ. Если вы знаете как решить проблему другого человека, пожалуйста, подскажите ему :)