Пылесос VITEK 8142-VT-01 - инструкция пользователя по применению, эксплуатации и установке на русском языке. Мы надеемся, она поможет вам решить возникшие у вас вопросы при эксплуатации техники.
Если остались вопросы, задайте их в комментариях после инструкции.
"Загружаем инструкцию", означает, что нужно подождать пока файл загрузится и можно будет его читать онлайн. Некоторые инструкции очень большие и время их появления зависит от вашей скорости интернета.

22
КЫРГЫЗ
•
Чаң соргучту иштетип турган мезгилде
соруунун кубаттуулугу тез азайып калса,
аны токтоосуз өчүрүп, узарткыч түтүгү (3) же
ийилчээк түтүкчөсү (6) тыгылып калбаганын
текшерип алыңыз. Чаң соргучту өчүрүп,
электр тармагынан ажыратып, тыгылган
жерин бошотуп, андан кийин гана иштетүүнү
улантсаңыз болот.
КОЛДОНУУ
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Чаң соргучту чаң топтогуч
контейнери (7) анын ичинде НЕРА-чыпкасы (18)
менен тор чыпкасы (19) орнотулганда жана
панжарадагы аба чыгуучу чыпкасы (16) чыпкасы
орнотулганда гана иштетсе болот. Чыпкалар
менен тор чыпкасы туура орнотулганын
милдеттүү түрдө текшерип туруңуз.
•
Иштетүүнүн алдында электр шнурун керектүү
узундугуна тартып чыгарып, кубаттуучу
сайгычын электр розеткасына сайыңыз.
•
Электр шнурундагы сары белгиси шнурдун
максималдуу узундугун белгилейт. Шнурду
кызыл белгисинен ары тартууга тыюу салынат.
•
Шайманды иштетүү үчүн иштетүү/өчүрүү
баскычын (15) басыңыз.
•
Шайманды иштетип турганда ийилчээк
түтүчкөнүн туткасында (5) жайгашкан соруу
кубаттуулугунун кол жөндөгүчү (4) аркылуу
жөнгө салсаңыз болот. Имаратты тазалап
бүткөндөн кийин өчүрүү/күйгүзүү баскычын
(15) басып, кубаттуучу сайгычын электр
розеткасынан чыгарыңыз.
•
Электр шнурун түрүп жыйноо үчүн баскычты
(12) басып, түрүлүп турган шнуру чалынып
бузулбоо үчүн аны колуңуз менен тосуп туруңуз.
•
Жыйноонун тыныгууларында щетканы (1)
«коюу» (14) жайына орнотуп турсаңыз болот.
Эскертүү: щётканы (1) же саптамаларды (20,
21) алмаштыруунун алдында, чаң топтогуч
контейнерди (7) тазалоонун алдында чаң
соргучту өчүрүп, кубаттуучу сайгычын электр
розеткасынан чыгарып туруңуз.
НЕРА ТАЗАЛОО СИСТЕМАСЫ
Циклондук чаң соргуч чаң топтогуч баштыксыз
иштейт. Соруп жыйналган чаң аба агымынын
күчү менен чаң топтогуч контейнерине (7)
түртүлүп топтолот. Аба чаң топтогуч контейнердин
ичинде жайгашгкан НЕРА-чыпканын (18) жана
панжарадагы (16) аба чыгуучу поролон чыпканын
жардамы менен тазаланат.
Көңүл буруңуз!
Чаң соргучту чыпкасыз же бузулган чыпкасы
менен эч качан колдонбоңуз. Соруп жыйналган
чаң, түзмөктүн ичине кирип, моторду бузуу
мүмкүн.
Мотордун коргоо клапаны
Түзмөк коргоо клапаны менен жабдылган, чаң
топтогуч чаңга толгондо, НЕРА-чыпкасы же аба
каналы тосмолонгондо, мотордун кызмат мөөнөтүн
коргоо үчүн анын өтө ысытуусун алдын алып,
коргоо клапаны иштейт.
ТАЗАЛОО ЖАНА КАМ КӨРҮҮ
Чаң топтогуч контейнерин (7) тазалоо
Чаң
топтогуч
контейнерди
чаң
менен
шыпырындыдан оңой жана ыңгайлуу тазаласа
болот.
Тунук чаң топтогуч контейнердин толгонун абдан
оңой текшерсеңиз болот.
Чаң менен таштандылардан башкача жыт чыгууга
жол бербөө үчүн чаң менен таштандыларды чаң
топтогуч контейнерден (7) ар колдонуудан кийин
төгүү некомендацияланат.
–
Чаң соргучту өчүрүп, электр тармагынан
ажыратыңыз.
–
Ийилчээк түтүкчөнүн учун (8) саат жебесинин
багытына каршы бурап, ийилчээк түтүкчөнү (6)
чаң топтогуч контейнерден (7) ажытарыңыз.
–
Туткасынан (11) кармап, баскычын (13) басыңыз
да чаң топтогуч контейнерин (7) чаң соргучтун
корпусунан өйдө тартып чыгарыңыз.
–
Чаң топтогуч контейнерди таштанды чаканын
үстүнөн кармап, чаң топтогуч контейнердин
капкагынын бекитме баскычын (17) басыңыз,
капкак автоматтык түрдө ачылат, чаң топтогуч
контейнерден (7) чаң менен таштандыларды
төгүңүз.
–
Чаң топтогуч контейнердин капкагын жабып, ал
бекитилгенин текшерип алыңыз.
–
Чаң топтогуч контейнери менен ийилчээк
түтүкчөнү ордуна орнотуңуз.
НЕРА-чыпканы тазалоо (18)
НЕРА-чыпка (18) менен тор чыпканы (19) мезгилдүү
түрдө тазалуу зарыл. Тазалоону чаң топтогуч
контейнерди тазалоо менен чогу өткөзүү жакшы.
–
Чаң топтогуч контейнерин (7) чаң соргучтун
корпусунан төмөнкү бөлүгүндө жазылгандай
чыгарыңыз.
–
Туткасынан (11) кармап, чаң топтогуч
контейнерди саат жебесинин багытына крашы
бурап, чыпка сапсалгысынан (10) чыгарыңыз.
Андан соң НЕРА-чыпканы (18) саат жебесинин
багытына каршы бурап чыпка сапсалгысынан
(10) ажыратыңыз.
–
НЕРА-чыпкадан (18) тор чыпкасын (19) чечиңиз.
–
Эми НЕРА-чыпкасы, тор чыпкасы менен
контейнердин өзүн агып турган жылуу суунун
астында жууп, кургатып алыңыз.
Көңүл буруңуз!
–
Чыпканы суу менен гана тазалаңыз, самын же
жуучу каражатты колдонбоңуз. Бул чыпканы
бузат.
–
Чыпкаларды жууш үчүн идиш жуучу аспапты
колдонбоңуз.
–
НЕРА-чыпканы фен менен кургатууга тыюу
салынат.
–
Тор чыпканы (19) НЕРА-чыпкага (18) кийгизиңиз.
–
НЕРА-чыпканы (18) капкагына (10) кайра
орнотуп, аны саат жебесинин багыты боюнча
бекитилгенине чейин бураңыз.
IM VT-8142.indd 22
8/25/20 2:41 PM