Плита GEFEST ПГ 700-2 - инструкция пользователя по применению, эксплуатации и установке на русском языке. Мы надеемся, она поможет вам решить возникшие у вас вопросы при эксплуатации техники.
Если остались вопросы, задайте их в комментариях после инструкции.
"Загружаем инструкцию", означает, что нужно подождать пока файл загрузится и можно будет его читать онлайн. Некоторые инструкции очень большие и время их появления зависит от вашей скорости интернета.

50
1 ЖАЛПЫ КӨРСӨТМӨЛӨР
Биздин мештер ар дайым өркүндөтүлүп, мүнөздөмөлөрү жакшырып,
сырткы көрүнүшү жаңыланып тургандыктан, нускаманын мукабасындагы
мештин моделинин сүрөтү Сиз алган моделден аздыр-көптүр айырмаланышы
мүмкүн.
•
Колуңуздагы нускама столго коюлуучу ПГ700 үлгүсүндөгү турмуш-
тиричилик газ мешине (текст боюнча мындан ары мештер) жана
модификацияларына тиешелүү болуп, энбелгилери мукабада көрсөтүлгөн
мамлекеттер үчүн гана жарактуу. Мештер турмуш-тиричилик шарттарында
азык-түлүк өнүмдөрүн даярдоого арналган.
•
ГОСТ 15150-69 боюнча УХЛ4 климатикалык нускама түрү.
•
Плита алар боюнча милдеттүү сертификаттоо жүргүзүлгөн ченемдик
укуктук акттардын (ЧУА) жана техникалык ченемдик укуктук акттардын
(ТЧУА) талаптарына ылайык сертификатталган.
•
Мешти, газ мештерин орнотуу жана тейлөө укугун берген лицензиясы бар
уюмдун адиси гана туташтырууга тийиш. Сиздин мешиңиздин кепилдик
тейленишин жүзөгө ашыруу үчүн, турмуш-тиричилик техникасын тейлөө
борборуна (анын дареги, мешти сатып алып жаткан учурда, сатуу
күбөлүгүнө жана кепилдик талонунда көрсөтүлөт) кайрылышыңыз кажет.
Кийинки оңдоп-түзөө жана тейлөө иштерин ыйгарым укуктуу уюмдардын
адистери аткара алышат.
•
Мешти туташтырууда, орнотуу талону толтурулушу керек.
•
Коопсуздук техникасынын талаптары сакталбастан, өз алдынча туура
эмес туташтырылган меш, газ менен ууланууга, күйүктөргө, өрттүн чыгып
кетишине жана электр тогуна урунууга алып келиши мүмкүн.
Мешти туура жана коопсуз орнотуу, колдонуу жана тейлөө тууралуу
маалыматты камтыган бул нускаманы кунт коюп окуп чыгыңыз.
•
Нускаманы жоготуп албай, сактап коюңуз. Кийинчерээк келип чыккан
көйгөйлөрдү чечүүдө пайдасы тийет.
•
Төмөнкү учурларда даярдоочу (сатуучу) жоопко тартылбайт (ошондой эле
кепилдик мөөнөтүндө дагы):
- сактоо, орнотуу, туташтыруу, иштетүү шарттары бузулгандыктан
же жеңүүгө мүмкүн эмес болгон күчтөрдөн (өрт, суу каптоо ж.б.), үй
жаныбарларынын, курт-кумурскалардын, келемиштердин айынан
келтирилген зыяндарга же бузулууларга;
- квалификациялык эмес жасалган оңдоп-түзөө иштеринен улам
келип чыккан бузулууларга.
Содержание
- 4 ОБЩИЕ УКАЗАНИЯ
- 5 ТРЕБОВАНИЯ БЕЗОПАСНОСТИ; ЗАПРЕЩАЕТСЯ
- 7 ТЕХНИЧЕСКИЕ ХАРАКТЕРИСТИКИ; КОМПЛЕКТНОСТЬ
- 8 УСТРОЙСТВО И ПОРЯДОК РАБОТЫ
- 9 УСТАНОВКА; Выравнивание; ПОДКЛЮЧЕНИЕ
- 11 РЕКОМЕНДАЦИИ РЕМОНТНЫМ СЛУЖБАМ; Регулировка для различного вида (давления) газа; ПРАКТИЧЕСКИЕ СОВЕТЫ; рассекатели пламени и пользоваться горелками со смещенными
- 12 ОБСЛУЖИВАНИЕ ПЛИТЫ; Уход за плитой; КОНСТРУКЦИЯ НЕ ПРЕДУСМАТРИВАЕТ ОЧИСТКУ ПЛИТЫ ПАРОМ.; 0 ВОЗМОЖНЫЕ НЕИСПРАВНОСТИ; Что происходит
Характеристики
Остались вопросы?Не нашли свой ответ в руководстве или возникли другие проблемы? Задайте свой вопрос в форме ниже с подробным описанием вашей ситуации, чтобы другие люди и специалисты смогли дать на него ответ. Если вы знаете как решить проблему другого человека, пожалуйста, подскажите ему :)













