Микроволновые печи VITEK VT-2453 W - инструкция пользователя по применению, эксплуатации и установке на русском языке. Мы надеемся, она поможет вам решить возникшие у вас вопросы при эксплуатации техники.
Если остались вопросы, задайте их в комментариях после инструкции.
"Загружаем инструкцию", означает, что нужно подождать пока файл загрузится и можно будет его читать онлайн. Некоторые инструкции очень большие и время их появления зависит от вашей скорости интернета.

48
КЫРГЫЗ
МИКРОТОЛКУНДУУ МЕШТИН ИЧИНДЕ
ТАМАК-АШТЫ БЫШЫРУУНУН ЖАЛПЫ
ЭРЕЖЕЛЕРИ
ЭСКЕРТҮҮ: Герметикалык же вауумдук
таңгактагы азыктарды жылытуунун же
бышыруунун алдында таңгакты ачууну
унутпаңыз. Антпесеңиз, таңгактын
ичинде пайда болгон басым таңгакты
жарып салуу мүмкүн болот.
• Кабыгы бар жана абдан бышырылган
жумурткаларды микротолкундуу мештин
ичинде бышыруу же жылытууга тыюу салынат,
себеби алар ички басымы жогорулагандан
жарылып кетиши мүмкүн.
• Бышыруунун алдында азыктардын (мисалы
үчүн, картөшкө, кабачок же алманын) калың
кабыгын бир нече жеринде тешип салыңыз.
• Наристелерди азыктандыруу бөтөлкөлөрдү
жана балдар тамактарын микротолкундуу
мешке капкагы же упчусу жок салуу
керек. Алардын ичиндеги тамак-ашты
аралаштырып же мезгил-мезгили менен
силкип туруу зарыл. Күйүк болбоо үчүн
баланы
тамактандыруунун
алдында
бөтөлкөдөгү же банкадагы тамак-аштын
температурасын текшерүү зарыл.
• Беконду даярдаганда аны мештин айнек
табагына салбаңыз, табакты жергиликтүү
ысытуу анда жарыктар пайда болууга
келтирүү мүмкүн.
• Тамакты даярдаган учурда микротолкундуу
мештерде колдонгонго ылайыкташтырылган
идиштерди колдонуп, аларды айнек
табактын үстүнө коюңуз.
• Тамакты текши жылытуу үчүн калыңыраак
кесимдерин идиштин чет жагына жакын
салыңыз.
• Тамактын бышыруу мөөнөтүн сактаңыз.
Азыктардын эң кыска бышыруу мөөнөтүн
таңдаңыз, керек болсо бышыруу мөөнөтүн
узартсаңыз болот.
• Азыктарды бышыруу мөөнөтүнөн ашык
бышырбаңыз, бул алардын өрттөнүүсүнө
келтирүү мүмкүн.
• Азыктарды микротолкундуу мештин ичинде
колдонгонго ылайык капкактын астында
бышырыңыз. Капкак суунун же майдын
чачыраганына жол бербей, азыктардын
текши бышканына жардам берет. Азыктарды
микротолкундуу меште ылайыкташтырылган
идиши жана коргоо капкагы жокто куурууга
тыюу салынат.
• Бышыруу процессин ылдамдатуу үчүн тез
бышкан тамактарды, мисалы, гамбургерди,
бир жолу оодарып алыңыз. Эттин чоң
кесимдерин даярдоо процессинде эки
жолудан кем эмес оодаруу зарыл.
• Бышыруу процессинде тамактарды үстүнөн
асты тарабына жана ортосунан чеке
тарабына аралаштырыңыз.
ИДИШТИ ТАҢДОО БОЮНЧА
РЕКОМЕНДАЦИЯЛАР
Ушул аспапта микротолкундуу мештерге
ылайыкташтырылган идишти гана колдонсо
болот.
• Микротолкундуу мештер үчүн идиштин
үлгүлүү материалы микротолкундар үчүн
«тунук» болуу зарыл, бул микротолкундардын
энергиясына идиштен өтуп тамакты
жылытууга мумкунчүлүк берет.
• Микротолкундар
металлдан
өтпөйт,
ошол себептен металлдан жасалган же
металл менен жасалгаланган идиштерди
микротолкундуу меште колдонууга тыюу
салынат.
• Кайра иштетилген кагаздан жасалган
нерселерди мешке салууга тыюу салынат,
анткени ушундай кагаздын ичинде
металлдын майда бөлүктөрү болушу
мумкун, бул таңгактын өрттөнүүсүтө алып
келиши мүмкүн.
• Меште колдонуу үчүн тик бурчтук табактарга
карата тегерек же узунча тегерек табактар
артыгыраак.
• Чагылган же жарыгы бар идишти
колдонбоңуз.
МИКРОТОЛКУНДУУ МЕШТИН ИЧИНДЕ
КОЛДОНУУДАН МУРУН ИДИШТИ ТЕКШЕРҮҮ
• Текшерилип турган идишти (мисалы,
табакты), мештин иштөө камерасынын
ичине корнотуп, анын үстүнө муздак суу
менен толтурулган стаканды коюңуз.
• Микротолкундуу мешти максималдуу
кубаттулугуна коюп, иштөө мөөнөтүн бир
мүнөттөн ашырбай коюңуз.
• Текшерилип турган идишти акырын
колуңуз менен тийиңиз, идиш ысык болуп,
стакандагы суу муздак болсо, бул идишти
микротолкундук меште тамак даярдоо үчүн
колдонсо болбойт.
• Текшерүү
мөөнөтүн
бир
мүнөттөн
ашырбаңыз.
IM VT-2453.indd 48
04.07.2018 16:34:56
Характеристики
Остались вопросы?Не нашли свой ответ в руководстве или возникли другие проблемы? Задайте свой вопрос в форме ниже с подробным описанием вашей ситуации, чтобы другие люди и специалисты смогли дать на него ответ. Если вы знаете как решить проблему другого человека, пожалуйста, подскажите ему :)