Whirlpool FWF71251WRU - Инструкция по эксплуатации - Страница 18

Стиральная машина Whirlpool FWF71251WRU - инструкция пользователя по применению, эксплуатации и установке на русском языке. Мы надеемся, она поможет вам решить возникшие у вас вопросы при эксплуатации техники.

Если остались вопросы, задайте их в комментариях после инструкции.

"Загружаем инструкцию", означает, что нужно подождать пока файл загрузится и можно будет его читать онлайн. Некоторые инструкции очень большие и время их появления зависит от вашей скорости интернета.
Страница:
/ 21
Загружаем инструкцию
background image

Температура 

Ар бир программанын алдын ала коюлган температурасы бар. Эгерде сиз 

температураны өзгөрткүңүз келсе, “Температура” 

 баскычын басыңыз. 

Сан дисплейде пайда болот.

Айлануу 

Ар бир программанын алдын ала коюлган айлануу ылдамдыгы бар. 

Эгерде сиз айлануу ылдамдыгын өзгөрткүңүз келсе, “Айлануу” 

 

баскычын басыңыз. Сан дисплейде пайда болот.

Демо режими

Бул шайман Демо режим функциясы менен жабдылган. Көбүрөөк 

маалыматты алууга КОЛДОНУУЧУНУН КОЛДОНМОСУН/ Демо режимди 

карагыла.

БАСКЫЧКА БӨГӨТ КОЮУ

Башкаруу панельди кулпулоого, Баскычка бөгөт кою 

 баскычты 

басып 3 секундага кармап тургула. Дисплей 

«KEY LOCK ON»

 көрсөтөт 

контролдоо панели кулпуланат (КҮЙҮК/ӨЧҮК 

 баскычынан тышкары). 

Бул программаларга кокустан өзгөртүү киргизүүсүн алдын алат, өзгөчө 

машиненин жанында балдар болсо. Башкаруу панельди кулпудан 

чыгарууга, Баскычка бөгөт кою 

 баскычты басып 3 секундага кармап 

тургула.

АГАРТУУ

Эгерди сиз кирди агарткыңыз келсе, кирди машинеге жүктөңүз жана 

“Чайкоо+Айлануу” 

программаны күйгүзүңүз 

.

Машинени күйгүзгүлө жана ал биринчи суу толтуруу циклды бүткөнгө 

чейин күткүлө (болжолу 2 мүнөт). Машинени “Баштоо/Тынытуу” 

баскычын 

 басып токтоткула, каражат кошкон бөлүмүн ачкыла, 

агартуу каражатты негизги жуугуч бөлүмгө мурда орнотулган бөлгүчкө 

куйгула (таңгакта көрсөтүлгөн сунушталган дозаны карагыла). Циклды 

Баштоо/Тынытуу баскычын 

 басып баштаңыз.

Эгерде кааласаңыз, каражат суурмадагы тиешелүү бөлүмүнө 

жумшарткычты кошкула.

СУНУШТАМАЛАР ЖАНА КЕҢЕШТЕР

Кирди сорттогула

Кездеменин түрү/кам көрүү этикеткасына карап (пахта, аралашкан 

булалар, синтетика, жүн, колго жуулатурган нерселер). Түсү (түсү 

бара жана ак нерселерди ажыраткыла, жаңы боелгон нерселерди 

өзүнчө жуугула). Морт нерселер (кичинекей нерселерди – мисалы 

нейлон байбактарды – жана илгичтери бар нерселерди – мисалы 

бюстгальтерлерди – кир жууган баштыкта же молния менен жабылган 

жаздык кабыктын ичинде).

Бардык чөнтөктөрдү бошоткула

Тыйындар же күйгүзгүчтөр сыяктуу нерселер сиздин кириңизди жана 

ошондой эле барабанды бузушу мүмкүн.

КЭБЭЭР КЕТИРҮҮ ЖАНА ТАЗАЛОО 

ПРОЦЕДУРАСЫ

Дисплейдеги билдирүү дайыма (болжолу ар бир 50 циклдан кийин) 

автоматтык тазалоо циклды күйгүзүүнү кир жуугуч машинени тазалоого 

жана акиташты кетирүүгө жана жаман жыттарды кетирүүгө сунуштайт.

Оптималдуу тейлөөгө биз WPRO Акиташ жана кирди кетирүү каражатты 

сунуштайбыз, таңгактагы нускамаларын аткаргыла. Техникалык көмөк 

кызмат менен байланышып же www.whirlpool.eu вебсайтка кирип бул 

продуктту сатып алса болот.

Whirlpool базарда сатылган башка кир жуугуч машинелерге арналган 

тазалагычтарды колдонуудан чыккан зыяндан бардык жоопкерчиликтен 

баш тартат.

ТАЗАЛОО ЖАНА ТЕЙЛӨӨ

Тазалоо жана тейлөө иштерди жасап жатканда, кир жуугуч машинени 

өчүргүлө жана вилканы сууруп салгыла. Кир жуугуч машинаны тазалоо 

үчүн, тез өрттөнө турган суюктуктарды колдонбоңуз.

Кир жуугуч машиненин сыртын тазалоо

Кир жуугуч машинени сырткы бөлүмдөрүн тазалоого жумшак ным 

чүпүрөктү колдонгула. Айнек же жалпы максаттагы тазалагычтарды, 

кетирүү упаларды же ага окшош каражаттарды контролдоо панельди 

тазалоого колдонбогула - алар жазууларга зыян келтириши мүмкүн

Суу камсыздоочу шлангды текшеруу

Кирүүчү шлангдын морттугун жана тешилбегендигин регулярдуу түрдө 

текшерип туруңуз. Эгерде зыян келтирилген болсо, аны биздин Сатуудан 

кийинки кепилдик кызматыбыз же адист дилериңиз аркылуу жаңы шлангга 

алмаштырып алыңыз. Шлангдын түрүнө жараша:

Эгерде ички түтүкчөнүн каптоосу ачык түстө болсо, анын белгилүү бир 

жеринде түстүн уюп калуусун маал-маалы менен текшерип туруңуз. Эгерде 

ошондой боло турган болсо, шланг тешилген болушу мүмкүн жана аны 

алмаштыруу зарыл.

Суу камсыздоо шлангтагы майда сетка чыпкаларды тазалоо

Кранды жапкыла жана крандын киргизүү шлангын бошоткула. Ички майда 

сетка чыпканы тазалагыла жана кранга суу киргизүү шлангты кайра бурап 

бекиткиле. Эми машиненин артындагы киргизүү шлангты бурап чыгаргыла. 

Аттишти колдонуп кир жуугуч машиненин туташуусунан сетка чыпканын 

тартып чыгаргыла жана аны тазалагыла. Сетка чыпканы кайра ордуна 

койгула жана киргизүү шлангты кайра бурап койгула. Кранды кайра ачкыла 

жана туташуулардан толугу менен суу акпаганын камсыздагыла.

Суу чыпканы тазалоо / калдык сууну төгүү

Эгерде сиз ысык суу менен жууган программанын колдонгон болсоңуз, 

сууну төгүүдөн мурда суу муздаганга чейин күтүңүз. Регулярдуу түрдө суу 

чыпканы тазалап тургула, ал чыпка толуп кетип суу төгүлбөй калганын 

алдын алат. Эгерде суу төгүлбөсө, дисплей суу чыпкасы толуп кеткени 

мүмкүн деп билдирет.

 Каражат тараткычтага алына турган пластик бөлгүчтү 

колдонуп плинтусту алып салгыла: кол менен плинтустун бир жагын ылдый 

түрткүлө, андан кийин плинтустун жана алдынкы панельдин ортосундагы 

аралыкка пластик бөлгүчтү салгыла жана плинтусту ачкыла. Суу чыпканын 

астына сууну чогултууга кенен, жалпак контейнерди койгула. Чыпканы 

сааттын жебесинен тескери жай бурагыла жана суу төгүлөт. Сууну төккүлө, 

бирок чыпканы алып чыгарбагыла. Контейнер толуп калганда, суу чыпканы 

сааттын жебесине каратып бурап жапкыла. Контейнерди бошоткула. Бардык 

суу төгүлгөнгө чейин бул процедураны кайталагыла. Суу чыпканын астына 

пахта чүпүрөктү койгула, ал калып калган суунун аз көлөмүн соруп алат. 

Андан кийин суу чыпканы сааттын жебесинен тескери бурап чыгаргыла. 

Суу чыпканы тазалагыла: чыпкадагы калдыктарды алып салгыла жана аны 

агып жаткан суу менен тазалагыла. Суу чыпканы салгыла жана принтусту 

ордуна орноткула: Суу чыпканы сааттын жебесине каратып буруп кайра 

ордуна салгыла. Аны канчалык алыс кирсе бурагыла; чыпканын кармагычы 

тик позицияда болуш керек. Суу чыпкасы суу өткөрбөгөнүн текшерүүгө, 

сиз каражат тараткычынына 1 литр сууну куйсаңыз болот. Андан кийин 

плинтусту кайра ордуна орноткула.

Жуучу каражаттын бөлүштүргүчүн тазалоо 

Жуучу каражаттын бөлүштүргүчүн бошотуу баскычын басып жана ошол 

эле убакытта бөлүштүргүчтү тартып чыгаргыла. Киргизилген нерсени 

бөлүштүргүчтөн алып салгыла, жана жумшарткыч бөлүмдөгү киргизилген 

нерсени дагы алып салгыла. Агып турган суунун астында бардык бөлүктөрдү 

тазалагыла, бардык каражаттын же жумшарткычтын калдыктарын 

алып салгыла. Бөлүктөрдү кургак чүпүрөк менен кургатып арчыгыла. 

Бөлүштүргүчтү кайра ордуна койгула жана каражат бөлүмүнө кайра түртүп 

киргизгиле.

АКССЕСУАРЛАР

Саткандан кийинки тейлөө кызматка кайрылып сиздин кир жуугуч 

машинеңизге төмөнкү аксессуарлар бар экенин текшериңиз.

Текче орнотуу комплекти

Аны колдонуп сиздин кир жуугуч машиненин үстүнө кургаткычты орнотсо 

болот жана аянт үнөмдөлөт жана кир жуугуч машинеге салуу жана чыгаруу 

жогорку позицияда болот.

ТАШУУ ЖАНА САКТОО

Кир жуугуч машиненин үстүн кармап эч качан көтөрбөгүлө.

Электр вилканы сууруп салгыла жана суу кранды жапкыла. Эшик жана 

каражат тараткыч туура жабылганын текшериңиз. Киргизүү шлангты суу 

крандан ажыраткыла, жана төгүү шлангты төгүү жерден алып салгыла. 

Шлангтардан бардык калдык сууларды төккүлө жана аны ташуу учурунда 

бузулуп кетпегендей бекитип койгула. Ташуу болтторду кайра ордуна 

орноткула. ОРНОТУУ КОЛДОНМОСУНДА берилген нускамаларды 

тескеринен аткарып ташуу болтторду кайра орноткула.

САКТОО ЖАНА ТАШУУ ШАРТТАРЫ

Таңгакталган кир жуугуч машинаны табигый желдетүүсү бар жабык 

жайларда 80%дан көп эмес салыштырмалуу нымдуулукта сактоо керек. 

Эгерде машина узак убакыт пайдаланылбаса жана жылытылбаган жайда 

сактала турган болсо, машинаны суудан толук өчүрүү керек. Машинаны 

ташуу алдында кир жуугуч машинанын багынын бузулушуна жол бербөө 

үчүн, тыгыны менен транспорттук бурамаларды орнотуу керек. 

Машинаны жабык машинанын бардык түрү менен, аны бекем бекитип 

жумушчу абалында (вертикалдуу) ташуу керек. 

Кир жуугуч машинаны жүктөө-түшүрүү иштеринде урунууга кабылтууга 

ТЫЮУ САЛЫНАТ. 

Полезные видео

Характеристики

Оцените статью
tehnopanorama.ru
Остались вопросы?

Не нашли свой ответ в руководстве или возникли другие проблемы? Задайте свой вопрос в форме ниже с подробным описанием вашей ситуации, чтобы другие люди и специалисты смогли дать на него ответ. Если вы знаете как решить проблему другого человека, пожалуйста, подскажите ему :)

Задать вопрос

Часто задаваемые вопросы
Как посмотреть инструкцию к Whirlpool FWF71251WRU?
Необходимо подождать полной загрузки инструкции в сером окне на данной странице
Руководство на русском языке?
Все наши руководства представлены на русском языке или схематично, поэтому вы без труда сможете разобраться с вашей моделью
Как скопировать текст из PDF?
Чтобы скопировать текст со страницы инструкции воспользуйтесь вкладкой "HTML"