Стиральная машина Whirlpool FWF71251WRU - инструкция пользователя по применению, эксплуатации и установке на русском языке. Мы надеемся, она поможет вам решить возникшие у вас вопросы при эксплуатации техники.
Если остались вопросы, задайте их в комментариях после инструкции.
"Загружаем инструкцию", означает, что нужно подождать пока файл загрузится и можно будет его читать онлайн. Некоторые инструкции очень большие и время их появления зависит от вашей скорости интернета.

ПРОГРАММАЛАР
Сиздин жуула турган кирдин түрүнө керектүү
программаны тандоого, дайыма кирдин этикеткаларында
берилген кам көрүү нускамаларын аткарыңыз. Белгиде
көрсөтүлгөн сан бул кийимди жууганга максималдуу
температура деп эсептелинет.
Аралашкан
Кичине кирдеген пахтадан, лендон, синтетикалык буладан же аралашкан
булалардан жасалган кийимдерди жууганга.
Актар
Адаттагыдай же каттуу кирдеген сүлгүлөрдү, ич кийимдерди, үстөл же
керебет жапкычтарды, жана туруктуу пахтадан жана лендон жасалган
кирди жууганга. Температура 90°C тандалганда, цикл негизги жуу циклдын
алдында алдын ала фазасын камтыйт. Ошондуктан алдын ала жана
негизги жуу бөлүктөргө каражатты кошуу сунушталат.
Пахта
Адаттагыдагыдайдан баштап өтө кирдеген күчтүү пахтага.
Пахта эко
Адаттагыдай кирдеген пахта кийимдерди жууганга. 40°c жана 60°C
градус коюлганда, бул стандарттык пахта программа жана бул суу жана
энергияны сарптоо боюнча
эң эффективдүү.
Керебет жапкычтар
Бир циклда бул программаны колдонуп керебет жапкычтарды жана
сүлгүлөрдү жуугула. Ал жумшарткычтын иштөөсүн оптимизациялайт
жана убакытты жана энергияны үнөмдөөгө салым кошот. Упа каражатты
колдонууну сунуштайбыз.
Спорт
Кичине кирдеген спорт кийимдерди жууганга (спорт костюмдар, шорталар
жана башкалар). Эң жакшы натыйжа алууга, ‘‘ПРОГРАММА ГРАФИКТЕ‘‘
көрсөтүлгөн максималдуу жүктөөнү ашырбоону сунуштайбыз. Биз суюк
каражатты колдонууну сунуштайбыз, жана жарым жартылай жүктөөгө
тиешелүү көлөмдү кошкула.
Жууркандар
Мамык кебез нерселерди мисалы бирлик же экилик жууркандарды,
жаздыктарды жана капюшону күрмөлөрүн жууганга даярдалган. Андай
мамыгы бар нерселерди барабанга четтерин ичине киргизип салууну
сунуштайбыз жана барабандын көлөмунөн ¾ ашпаш керек. Оптималдуу
жууганга, биз суюк каражатту колдонууну сунуштайбыз.
Буу менен сергитүү
Бул программа жагымсыз жыттарды кетирип жана кездемени жумшак
кылып (1.5 кг, болжол менен 3 кийим), буюмду сергитет. Кургак кийимди
гана (кир эмес) жүктөңүз жана “Буу менен сергитүү” программасын
тандаңыз. Цикл аяктагандан кийин буюм бир аз ным болуп калат, аларды
бир нече мүнөттөн кийин кийүүгө болот. “Буу менен сергитүү” программа
үтүктөөнү жеңилдетет.
!
Жүн же жибек буюмдар үчүн сунушталбайт.
!
Чайкагыч же жуугуч зат кошпоңуз.
Айнануу+Тогүү
Кирди айлантат андан кийин сууну төгөт. Күчтүү кийимдерге. Эгерде сиз
айлантуу циклды кошпосоңуз, машине жалаң гана сууну төгөт
Чайкоо+Айлануу
Чайкайт жана айлантат. Күчтүү кийимдерге.
Тез 30’
Кичине кирдеген кийимдерди тез жууганга. Бул цикл 30 мүнөткө гана
созулат, убакытты жана энергияны сактайт.
Colours 15°
Бул цикл муздак сууга (15°C) жууп түстөрдү сактайт жана энергияны суу
ысытканга азыраак сарптайт ошол эле убакытта канааттандыраарлык жуу
натыйжа берет. Кичине кирдеген, тагы жок кийимдерге жарактуу. Бул цикл
40°c кошулган цикл менен салыштырмалуу жалаң гана 15°C натайжа берет.
Жибек
Бул циклды колдонуп бардык жибек кийимдерди жуугула. Биз морт
кийимдерге арналган атайын каражаттарды колдонууну сунуштайбыз.
Жүн
Бардык жүн кийимдерди бул программаны колдонуп жууса болот, “Жүн“
“кол менен гана жууганга жарактуу“ деген этикеткасы бар нерселерге дагы
колдонсо болот. Эң жакшы натыйжаларды алууга, атайын каражаттарды
колдонгула жана
көрсөтулгөн макс кг кирден аштырбагыла
.
Морт
Өтө морт кийимдерди жууганга. Жуугандын астында кийимдерди
каңтарып кою сунушталат.
Синтетика
Кирдеген синтетикалык буладан жасалган кийимдерди (мисалы,
полиэстер, полиакрил, вискоза, жана башкалар) же пахта/синтетика
кошулмаларын жууганга.
БИРИНЧИ ЖОЛУ КОЛДОНУУ
Машине биринчи жолу күйгүзүлгөндө, сизден тилди кою суранат жана дисплей
автоматтык түрдө тилди тандоо менюну көрсөтөт.
Керек тилди тандоого “Температура”
баскычын же “Кечиктирилген баштоо”
баскычты баскыла; тандоону ырастоого “Айлантуу”
баскычын баскыла.
Тилди өзгөртүүгө машинени өчүргүлө жана “Баскычтарды кулпулоо”
, “Интенсивдүү чайкоо”
жана “FreshCare+”
баскычтарын
бир убакытта үн угулганга чейин басып тургула: тилди тандоо менюсу
кайрадан пайда болот.
Өндүрүп чыгаруу процессиндеги калдыктарды кетирүүгө.
“Пахта”
программасын 60°C койгула. Күчтүү жуучу каражаттан кичине каражатты
таратуунун негизги жуучу бөлүмгө кошкула (максималдуу 1/3 өндүрүүчү
кичине кирдеген кирге сунуштаган каражаттын көлөмүн). Программаны
баштагыла
эч кандай кирди кошпогула
.
КҮНД ЛҮК КОЛДОНУУ
“СУНУШТАМАЛАР ЖАНА КЕҢЕШТЕР” бөлүмүндө берилген сунуштамаларына
ылайык кирди даярдагыла. Кирди салгыла, эшикти жапкыла, суу кранды
ачкыла жана “КҮЙГҮЗҮ/ӨЧҮРҮҮ” баскычты басып машинени күйгүзгүлө,
“Баштоо/Тынытуу”
баскычы өчүп күйүп баштайт. Программа тандагычты
керектүү программага бургула жана керек болсо каалаган опцияны тандагыла.
Дисплейде көрсөтүлгөн температураны жана айлануунун ылдамдыгын
“Температура”
баскычын же “Айлануу”
баскычын басып өзгөртсө болот.
Каражат тараткычты тартып чыгаргыла жана каражатты (жана кошулмаларды/
жумшарткычтарды) азыр кошкула. Каражаттын таңгагында берилген доза
боюнча сунуштамаларды аткаргыла. Андан кийин каражат тараткычты
жапкыла жана “Баштоо/Тынытуу”
баскычын баскыла. “Баштоо/Тынытуу”
баскычы күйүп калат жана эшип кулпуланат.
ИШТЕП ЖАТКАН ПРОГРАММАНЫ ТОКТОТУУ
Жуу циклды токтотууга, “Баштоо/Тынытуу”
кайра баскыла; индикатор
жарыгы өчүп күйөт. Эгерде
белгиси күйсө, эшикти ачса болот. Жуу
циклды токтотулган убакыттан кайра баштоого баскычты кайра баскыла.
КЕРЕК БОЛСО, ЭШИКТИ АЧКЫЛА
Программаны баштаганга чейин жана программа бүткөндөн кийин,
“Эшикти ачкыла
деген көрсөткүч күйөт жана эшикти ачса болот. Жуу
программа иштеп жаткан учурунда, эшик кулпуланган бойдон калат.
Программа иштеп жатканда эшикти ачууга “Баштоо/Тынытуу"
басып
программаны токтоткула. Суу деңгээли жана/же температура өтө жогору
болбосо, "Эшикти ачкыла"
көрсөткүчү күйөт жана сиз эшикти ачсаңыз
болот. Мисалы кирди кошууга/ алып салууга. Баштоо/Тынытуу”
баскычын кайра басып программаны уланткыла.
ПРОГРАММАНЫН АЯКТООСУ
“Эшикти ачкыла”
көрсөткүчү күйүп калат, жана дисплей
«Cycle end»
деген билдирүүнү көрсөтөт. Кир жуугуч машинени программа аяктагандан
кийин өчүрүүгө “КҮЙҮК/ӨЧҮК” баскычын баскыла, жарыктар өчөт.
Эгерде сиз “КҮЙҮК/ӨЧҮК” баскычын баспасаңыз, кир жуугуч машине
болжолу жарым сааттын ичинде өзү автоматтык түрдө өчүп калат. Суу
кранын жабыңыз. Эшикти ачкыла жана машинени бошоткула. Барабанды
кургатууга эшикти ачык бойдон калтырып койгула.
ВАРИАНТТАР
!
Эгерде тандалган функция коюлган программа менен шайкеш келбесе,
шайкек келбестик үн белги менен (3 бип) жана дисплейдеги
«No
Selection»
деген пайда болгон сөздөр менен коштолот.
!
Эгерде тандалган функция мурда коюлган функция менен шайкеш
келбесе, дисплейде
«No Selection»
деген пайда болот жана функция
күйбөйт.
Clean+
Clean+ бул опция 3 ар кандай деңгээлдерде (Интенсивдүү, Күнүмдүк жана
Тез) иштейт жана сиздин жууган керектөөнүзгө жараша туура жууган иш
аракетти коет:
Интенсивдүү:
бул опция өтө кирдеген, оңой менен кетпеген тактарга жасалган.
Күнүмдүк
бул опция күнүмдүк тактарды кетирүүгө жасалган.
Тез
бул опция кичине кирдегендерди кетирүүгө жасалган.
Интенсивдүү чайкоо
Бул опцияны тандап, чайкоо эффективдүүлүгү көбөйөт жана оптималдуу
жуучу каражат кетиши кепилденет. Бул өтө сезгич терге пайдалуу.
Стандарттык чайкоо циклдан кийин бул баскычты бир жолу, эки же
үч жолу басып кошумча 1 , 2 же 3 чайкоону тандагыла жана бардык
каражаттын калдыктарын кетиргиле. Баскычты кайра басканда ал
“Адаттагыдай чайкоо” чайкоо типке өтөт.
Баштоонун кечиктирилиши
Тандалган программаны кечирээк убакытта башталышын коюга,
баскычты басып керектүү кечиктирилген убакытты койгула. Опция
күйгүзүлгөндө дисплейде
«Waiting»
же
«Starts in»
дегенди көрсөтөт.
Кечиктирилип баштоону жокко чыгарууга, баскычты кайра ‘‘--:--‘ ‘
дисплейде көрсөтүлгөнгө чейин баскыла.
Оңой үтүктөө
Бул функцияны тандаганда, жуу жана айлануу циклдар бүктөлүп калууну
азайтууга модификацияланат.
Буу функциясы
Бул функцияны тандоодо бууну бөлүп чыгаруунун эсебинен кир жуунун
натыйжалуулугу жогорулайт, ал циклдын процессинде кездемеде мүмкүн
болуучу бактерияларды өлтүрөт, ошол эле убакта аларды жууйт. Кирди кир
жуугуч машинанын барабанына жүктөңүз, шайкеш келген программаны
тандаңыз жана «
»функциясын тандаңыз.
!
Кир жуугуч машинанын иштөө процессинде люк буудан улам тердеши мүмкүн.
FreshCare +
Бул опция жууган иштөөсүн жакшыртат бууну жаратып машинен ичиндеги
жаман жыт чыгарган булактардын көбөйүшүнө бөгөт коет. Буу фазадан кийин,
кир жуугуч машине барабанды жай айлантып назик айлантуу процессин
жүргүзөт. FreshCare+ опциясы цикл бүткөндө башталат максималдуу
созулгандыгы 6 саат жана сиз аны каалаган убакытта контролдоо панельдеги
баскычты басып же баскычты бурап токтотсоңуз болот.
(*) Болжолу 5’ мүнөт күтүп эшикти ачкыла.









