Стиральная машина Indesit BWSB 61051 - инструкция пользователя по применению, эксплуатации и установке на русском языке. Мы надеемся, она поможет вам решить возникшие у вас вопросы при эксплуатации техники.
Если остались вопросы, задайте их в комментариях после инструкции.
"Загружаем инструкцию", означает, что нужно подождать пока файл загрузится и можно будет его читать онлайн. Некоторые инструкции очень большие и время их появления зависит от вашей скорости интернета.
46
KGZ
Жуучу заттар жана
кирдин түрлөрү
Жуучу каражаттар үчүн чөнөкчө
Кир жуунун жакшы жыйынтыгы жуучу заттарды туура
дозалоодон дагы көз каранды болот: ашыкча жуучу заттар
натыйжалуу жууну кепилдебейт, тескерисинче, кир жуугуч
машинанын ичинде кеберлердин пайда болушун жана
курчап турган чөйрөнүн булганышын шарттайт.
! Колго жууганга арналган жуучу каражаттарды
пайдаланбаңыз, анткени алар өтө көп көбүк чыгарат.
Чөнөкчөнү чыгарыңыз
жана ага жуучу каражатты
же кошулмаларды
төмөндөгүдөй тартипте
салыңыз.
1-чөнөкчө:
Жуугуч каражатты борбордук лотокко
салбаңыз
1
.
2-чөнөкчө: Кир жуу үчүн жуучу каражат (порошок
же суюк)
Суюк жуучу затты пайдалануу учурунда
туура дозалоо үчүн сунушталуучу А дозаторун
пайдалануу сунушталат. Кир жуучу порошокту
пайдалануу үчүн В дозаторуна салыңыз.
3-чөнөкчө: Кошулмалар (чайкагыч ж.б.)
Чайкагычтын деңгээли дозатордун борборунда
көрсөтүлгөн “max” белгисинен ашпашы керек.
Кирди даярдоо
•
Кирди төмөндөгү белгилери боюнча бөлүңүз:
- кездеменин түрү / этикеткадагы белги.
- түс: түстүү кирди ак кирден бөлүңүз.
• Чөнтөктөн бардык предметтерди чыгарыңыз жана
топчуну текшериңиз.
• Кургак кирдин салмагын көрсөтүүчү,
“Программалардын таблицасында” көрсөтүлгөн
мааниден ашырбаңыз.
Кир канча салмакта болот?
1 шейшеп 400-500 гр.
1 жаздык тыш 150-200 гр.
1 дастаркон 400-500 гр.
1 халат 900-1200 гр.
1 сүлгү150-250 гр.
Атайын программалар
Күнүмдүк пахта:
пахтадан жасалган кийим үчүн
30°C цикл. Бул натыйжаны начарлатпастан, сууну
ысытканга энергия керектөөнү азайтат. Жеңил кетүүчү
кири бар кийимдерге жарайт.
Күнүмдүк синтетика:
синтетикадан жасалган кийим
үчүн 30°C цикл. Бул натыйжаны начарлатпастан, сууну
ысытканга энергия керектөөнү азайтат. Жеңил кетүүчү
кири бар кийимдерге жарайт.
Түстүү кийим:
түстөрдү сактап калганга жардам
берүүчү 30°C цикл; түстүү пахта жана синтетика
кийимдерге жарайт. Бул натыйжаны начарлатпастан,
сууну ысытканга энергия керектөөнү азайтат. Жеңил
кетүүчү кири бар кийимдерге жарайт.
Кылдат жуу
: кылдат мамиле кыла турган кийимди
жуу үчүн
4
-программаны пайдаланыңыз. Кир жууп
баштоонун алдында кийимди ичинен аңтаруу
сунушталат. Жыйынтыктарды оптималдаштыруу
үчүн кылдат кийимдер үчүн суюк жуучу каражатты
пайдалануу сунушталат. Жибек кийимди жана парданы
жуу үчүн
4
-циклды тандаңыз жана
; функциясын
күйгүзүңүз, машина циклды сыгуусуз аяктайт,
индикатор бүлбүлдөйт. Сууну төгүү жана кирди
чыгаруу үчүн ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ баскычын же
опцийин басуу керек.
Аралаш:
пахта жана синтетикалык кийимдерди
чогуу жууганга 40°C цикл. Жеңил кетүүчү кири бар ич
кийимдерге жарайт.
Спорт
(
11
-программа): спорт кийимдеринин
(спорттук костюмдар, байпактар ж.б.) анча кир эмес
кездемелерин жуу үчүн иштелип чыккан; жакшы
жыйынтыктарга жетүү үчүн “Программалардын
таблицасында” көрсөтүлгөн, жүктөөнүн максималдуу
чегинен ашырбоону сунуштайбыз. Жүктөө үчүн
ылайык келген өлчөмдө суюк жуучу каражатттарды
пайдаланууну сунуштайбыз.
Мамык / Тыбыт
: жалаң кат мамык жууркан (салмагы
1 кгдан көп эмес), жаздык, куртка сыяктуу, курамында
өрдөктүн жүнү бар, мамык олпокторду жуу үчүн
атайын
12
-программаны тандаңыз. Мамык олпокторду
четин ичкери кылып машинанын барабанына жүктөө
(схеманы кара) жана барабандын көлөмүнүн ¾
ашырбоо сунушталат. Оптималдуу кир жуу үчүн жуучу
заттардын дозаторуна куюлуучу, суюк жуучу затты
пайдалануу сунушталат.
Жүн
:
13
-программа бардык жүн буюмдарды, анын
ичинде этикеткасында “кол менен гана жуу”
деп
көрсөтүлгөн буюмдарды жууну шарттайт. Жакшы
жыйынтыкка жетүү үчүн атайын жуучу каражатты
пайдаланыңыз жана 1 кг кир жүктөңүз.
Жыттарды кетирүү
: жагымсыз жыты бар кийимди
жуу үчүн
14
-программаны (Синтетика) пайдаланыңыз
(мисалы, тамекинин, тердин, куурулган тамактын
жытын). Программа кездеменин буласын сактоо
менен, жагымсыз жыттарды кетирүү үчүн арналган.