Пылесос VITEK VT-8128 - инструкция пользователя по применению, эксплуатации и установке на русском языке. Мы надеемся, она поможет вам решить возникшие у вас вопросы при эксплуатации техники.
Если остались вопросы, задайте их в комментариях после инструкции.
"Загружаем инструкцию", означает, что нужно подождать пока файл загрузится и можно будет его читать онлайн. Некоторые инструкции очень большие и время их появления зависит от вашей скорости интернета.

22
КЫРГЫЗ
Чаң топтогуч контейнери (11)
Чаң топтогуч контейнери (11) циклондуу чыпкасы
менен жабдылган, ал кирген абадан чаң жана
шыпырындыны токтотуп, НЕРА-чыпкасы (20) болсо
чаңдын майда бөлүктөрүн токтотот.
Эскертүү:
–
НЕРА-чыпкасын (20) ар дайым тазалыкта
сактаңыз, себеби чаң соргучтун ишинин
эффективдүүлүгү ага байланыштуу болот;
–
чаң топтогуч контейнердин (11) отсегинде
НЕРА-чыпкасы (21) орнотулбаган контейнерди
(11) орнотуусуна жол бербеген тосмоломо
аспабы бар, чаң топтогуч контейнерди (11)
ордуна коюнун алдында ар дайым НЕРА-
чыпкасы (20) туура орнотулганын текшерип
туруңуз.
ЧАҢ СОРГУЧТУ ПАЙДАЛАНУУ
Коопсуздук чаралары
•
Өтө ысыган беттердин, мисалы, күл
салгычтардын тикеден-тик жакынчылыгында
жана тез жалындап кетүүчү суюктуктар
сакталган жеринде чаң соргучу иштетпеңиз.
•
Шайманды колдонуудан мурун анын бузулусуна
жол бербөө үчүн жерден учтуу заттарды алып
салыңыз.
•
Шайманды иштетип турган мезгилде соруунун
кубаттуулугу кескин азайып калса, аны
токтоосуз өчүрүп, телескоптук түтүгү (4) же
ийилчээк түтүкчөсү (7) тыгылып калбаганын
текшерип алыңыз. Чаң соргучту өчүрүп,
электр тармагынан ажыратып, тыгылган
жерин бошотуп, андан кийин гана иштетүүнү
улантсаңыз болот.
КОЛДОНУУ
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Чаң соргучту чаң топтогучу
(11) анын ичинде НЕРА-чыпкасы (20) бар болуп
орнотулганда жана аба чыгуучу (18) НЕРА-
чыпкасы орнотулганда гана иштетсе болот.
Чыпкалар (18, 20) туура орнотулганын ар дайып
текшерип туруңуз.
•
Иштетүүнүн алдында электр шнурун керектүү
узундугуна тартып чыгарып, кубаттуучу
сайгычын электр розеткасына сайыңыз.
•
Электр шнурундагы сары белгиси шнурдун
максималдуу узундугун белгилейт. Шнурду
кызыл белгисинен ары тартууга тыюу салынат.
•
Чаң соргучту иштетүү үчүн өчүрүү/күйгүзүү
баскычын (14) басыңыз.
•
Шайманды
иштетип
турганда
соруу
кубаттуулугун жөндөгүчү (15), жана ийилчээк
түтүчкөнүн туткасында (6) жайгашкан соруу
кубаттуулугунун кол жөндөгүчү (5) аркылуу
жөнгө салсаңыз болот. Имаратты тазалап
бүткөндөн кийин өчүрүү/күйгүзүү баскычын
(14) басып, кубаттуучу сайгычын электр
розеткасынан чыгарыңыз.
•
Электр шнурун түрүп жыйноо үчүн баскычты
(16) басып, түрүлүп турган шнуру чалынып
бузулбоо үчүн аны колуңуз менен тосуп туруңуз.
•
Жыйноонун тыныгууларында щетканы (1)
«коюу» (17) жайына орнотуп турсаңыз болот.
Эскертүү:
щётканы (1) же саптамаларды (24,
25) алмаштыруунун алдында, чаң топтогуч
контейнерди (11) тазалоонун алдында чаң
соргучту өчүрүп, кубаттуучу сайгычын электр
розеткасынан чыгарып туруңуз.
ТАЗАЛОО ЖАНА КАМ КӨРҮҮ
Чаң топтогуч контейнерин (11) тазалоо
Чаң менен таштандылардан башкача жыт чыгууга
жол бербөө үчүн чаң менен таштандыларды чаң
топтогуч контейнерден (11) ар колдонуудан кийин
төгүү некомендацияланат.
–
Чаң соргучту өчүрүп, электр тармагынан
ажыратыңыз.
–
Туткасынан (12) кармап, чаң топтогуч
контейнердин капкак бекитмесин (13) басыңыз
да чаң топтогуч контейнерин (11) чаң соргучтун
корпусунан өйдө тартып чыгарыңыз (сүрөт. 4).
–
Чаң топтогуч контейнердин капкагынын
бекитме баскычын (22) басып, чаң топтогуч
контейнердин капкагын (23) ачыңыз (сүр. 5).
–
Чаң топтогуч контейнерди таштанды чаканын
үстүндө орнотуп, чаң тптогуч контейнерди
(11) көмкөрүп, анын ичинен чаң менен
таштандыларды төгүңүз (сүр. 6).
–
Капкакты (23) жабып, капкак (23) бекитилгенин
текшерип алыңыз.
–
Контейнерди (11) ордуна коюңуз.
Чаң топтогуч контейнериндеги (11) НЕРА-
чыпкасын (20) тазалоо
–
Жогоруда айтылгандай контейнерди (11) чаң
менен шыпырындыдан бошотуп алыңыз.
–
НЕРА-чыпкасын (20) чечиңиз (сүрөт 7).
–
НЕРА-чыпканы (20) чаң менен шыпырындыдан
тазалап, агып турган жылуу суунун астында
жууп алыңыз.
Эскертүү:
–
НЕРА-чыпкасын (20) жууганда, сууну НЕРА-
чыпканын тышкы жагына агызыңыз.
–
НЕРА-чыпканы (20) идиш жуучу аспапта
жуубаңыз.
–
Чыпканы жакшылап кургатып алыңыз.
–
НЕРА-чыпканы(20) кургатуу үчүн фенди
колдонууга тыюу салынат.
–
Чаң топтогуч контейнерин (11) жууп, сүртүп,
кургатып алыңыз.
–
НЕРА-чыпкасын (20) ордуна коюуңуз.
Эскертүү:
–
чаң топтогуч контейнери (11) ордуна
орнотулбай турса, НЕРА-чыпкасынын (20)
туура орнотулганын текшериңиз.
IM VT-8128.indd 22
20.08.2018 12:02:13