Пылесос VITEK VT-8113 - инструкция пользователя по применению, эксплуатации и установке на русском языке. Мы надеемся, она поможет вам решить возникшие у вас вопросы при эксплуатации техники.
Если остались вопросы, задайте их в комментариях после инструкции.
"Загружаем инструкцию", означает, что нужно подождать пока файл загрузится и можно будет его читать онлайн. Некоторые инструкции очень большие и время их появления зависит от вашей скорости интернета.

22
КЫРГЫЗ
Бириктирилген насадкасы (23)
Жылчык насадкасы радиаторлорду, жарыктарды,
бурчтарды же дивандын жаздыктарынын арасын
тазалоо үчүн гана эмес, эмеректин үстүндөгү
чаңды жыйноо үчүн дагы арналып, щеткадагы (23)
түгү эмеректин жылмалак бетинин бузулуусуна
жол бербейт. Колдонуу мезгилинде щетканы
керектүү абалына келтириңиз.
Насадка (24)
Насадканы (24) жумшак эмеректин кездеме
беттерин тазалоо үчүн колдонуңуз.
Чаң топтогуч контейнери (11)
Чаң топтогуч контейнери (11) циклондук чыпкасы
менен жабдылган, ал кирген абадан чаң жана
шыпырындыны токтотуп, чыпка сапсалгысы (15)
чаңдын майда бөлүктөрүн токтотот.
Эскертүү:
- чыпка сапсалгычын (15) ар дайым тазалыкта
тутуңуз, себеби чаң соргучтун ишинин
эффективдүүлүгү ага байланыштуу болот.
ЧАҢ СОРГУЧТУ КОЛДОНУУ
Коопсуздук чаралары
•
Өтө ысыган беттердин, мисалы, күл
салгычтардын тикеден-тик жакынчылыгында
жана тез жалындап кетүүчү суюктуктар
сакталган жеринде чаң соргучу иштетпеңиз.
•
Шайманды колдонуудан мурун анын бузулусуна
жол бербөө үчүн жерден учтуу заттарды алып
салыңыз.
•
Шайманды иштетип турган мезгилде соруунун
кубаттуулугу тез азайып калса, аны токтоосуз
өчүрүп, телескоптук түтүгү (4) же ийкем түтүгү
(7) тыгылып калбаганын текшерип алыңыз. Чаң
соргучту өчүрүп, электр тармагынан ажыратып,
тыгылган жерин бошотуп, андан кийн гана
иштетүүнү улантсаңыз болот.
КОЛДОНУУ
Көңүл буруңуздар!
Чаң соргучту чаң топтогуч
контейнери (11) анын ичиндеги чыпка
сапсалгысы (15), чыгаруучу (22) НЕРА-чыпкасы
орнотулганда гана иштетсеңиз болот. Чаң
соргучту иштетүүнүн алдында чыпкалары
(15, 22) бар болуп, туура орнотулганын
милдеттүү түрдө текшерип туруңуз.
•
Иштетүүнүн алдында электр шнурун керектүү
узундугуна тартып чыгарып, кубаттуучу
сайгычын электр розеткасына сайыңыз.
•
Электр шнурундагы сары белгиси шнурдун
максималдуу узундугун белгилейт. Шнурду
кызыл белгисинен ары тартууга тыюу салынат.
•
Шайманды иштетүү үчүн өчүрүү/күйгүзүү
баскычын (17) басыңыз.
•
Шайманды
иштетип
турганда
соруу
кубаттуулугун жөндөгүчү (18), жана ийкем
түтүгүнүн туткасында (5) жайгашкан соруу
кубаттуулугунун кол жөндөгүчү (6) аркылуу
жөнгө салсаңыз болот.
•
Имаратты тазалап бүткөндөн кийин өчүрүү/
күйгүзүү баскычын (17) басып, кубаттуучу
сайгычын электр розеткасынан чыгарыңыз.
•
Электр шнурун түрүп жыйноо үчүн баскычты
(19) басып, түрүлүп турган шнуру чалынып
бузулбоо үчүн аны колуңуз менен тосуп туруңуз.
•
Жыйноонун тыныгууларында щетканы (1)
«коюу» (20) жайына орнотуп турсаңыз болот.
ТАЗАЛОО ЖАНА КАРОО
Чаң топтогуч контейнерин (11) тазалоо
Чаң топтогуч контейнеринен (11) чаңды жана
шыпырындыны ар иштетүүдөн кийин төгүп
туруңуз.
–
Чаң соргучту өчүрүп, электр тармагынан
ажыратыңыз.
–
Туткасынан (12) кармап, бекитмесин (13)
басып, чаң топтогуч контейнерин (11) чечиңиз
(сүрөт 4).
–
Чаң топтогуч контейнерин (11) таштанды
чакасынын үстүндө кармаңыз.
–
Капкакты бошотуу үчүн бекитмени (14)
басыңыз (сүрөт 5).
–
Чаң менен шыпырындыны контейнерден (11)
төгүңүз.
–
Капкакты жабыңыз (14).
–
Контейнерди (11) ордуна коюңуз.
Чаң топтогуч контейнердин (11) ичиндеги
чыпка сапсалгысын (15), тазалоо
–
Жогору айтылгандай контейнерди (11) чаң
менен шыпырындыдан бошотуп алыңыз.
–
Бир колуңуз менен тутканы (12) кармап, башка
колуңуз менен чаң топтогуч контейнердин
колбасын (11) кармап туруңуз.
–
Капкакты (16) саат жебесинин багытына каршы
бурап, чечип салыңыз.
–
Чыпка сапсалгысын (15) чыгарып алыңыз
(сүрөт 6).
–
Микропорлон чыпкасын чыгарыңыз.
–
Чыпкаларын чаң менен шыпырындыдан
тазалап, агып турган жылу суунун астында
жууп алыңыз.
–
Чыпкаларды жууш үчүн идиш жуучу аспапты
колдонбоңуз.
–
Чыпкаларды кылдаттык менен кургатып
алыңыз.
–
Чыпкаларды кургатуу үчүн фенди колдонууга
тыюу салынат.
–
Циклондук чыпканы өйдө тартып чаң топтогуч
контейнердин колбасынан чыгарыңыз. Аны
жууп, кургатып алыңыз.
–
Чаң топтогуч контейнерин (11) жууп, сүртүп,
кургатып алыңыз.
IM VT-8113.indd 22
12.12.2017 14:59:18