Пылесос VITEK VT-1891 BK/R - инструкция пользователя по применению, эксплуатации и установке на русском языке. Мы надеемся, она поможет вам решить возникшие у вас вопросы при эксплуатации техники.
Если остались вопросы, задайте их в комментариях после инструкции.
"Загружаем инструкцию", означает, что нужно подождать пока файл загрузится и можно будет его читать онлайн. Некоторые инструкции очень большие и время их появления зависит от вашей скорости интернета.

21
КЫРГЫЗ
• Эгерде:
– чаң топтогуч орнотулбаган же туура эмес
орнотулган болсо;
– аба кирүүчү же чыгуучу чыпкалары орнотул-
баган болсо чаң соргучту колдонбоңуз.
• Чаң соргучтун корпусун сууга же ар кыл башка
суюктуктарга салбаңыз.
• Жыйынтыгына кирүүчү акессуарларын жана
насадкаларын гана колдонуңуз.
• Чаң соргучту мезгилдүү түрдө тазалап туруңуз.
• Чаң соргучту кургак, салкын жеринде сактаңыз.
• Үй жаныбарларды тазалоо үчүн чаң соргучту
колдонбоңуз.
• Шайман иштеп турган учурда жанында 8
жаштан кичүү балдар же жөндөмдүүлүгү
төмөн адамдар бар болгондо өзгөчө абайлап
туруңуз.
• Бул шайман 8 жаштан кичүү балдар колдонгону
үчүн арналган эмес. Шайман иштеп жана муз-
дап турганда аны 8 жаштан кичүү балдар жет-
пеген жерге коюңуз.
• Жөндөмдүүлүгү төмөн (ошонун ичинде 8 жаш-
тан улуу балдар да) адамдар же колдонуу бо-
юнча тажрыйбасы же билими аз болгон адам-
дар колдонуу үчүн ылайыкташтырылбаган.
Ушул адамдар алардын коопсуздугуна жооп-
тууу адам аларды көзөмөлдөп же шайманды
коопсуз колдонуу жана аны туура эмес колдо-
нуусу жараткан коркунучтуры жөнүндө ылайык-
туу жана түшүнүктүү колдонмону берген учурда
гана шайманды колдонсо болот.
• Шайманды оюнчук катары колдонбоо үчүн бал-
дарга көз салыңыз.
• Балдардын коопсуздугу үчүн таңгак катары кол-
донулган полиэтилен баштыктарды кароосуз
таштабаңыз.
Көңүл буруңуз! Полиэтилен баштыктар же
таңгак пленкасы менен ойногонго балдарга урук-
сат бербеңиз.
Бул тумчугуунун коркунучун
жаратат!
• Шайманды заводдук таңгагында гана транс-
порттоо зарыл.
• Электр шнурун жана кубаттуучу розеткасынын
абалын бузулуулар болбоо үчүн мезгилдүү
түрдө келет.
• Кубаттуучу сайгычында, электр шнурунда бузу-
луулар бар болгондо, шайман иштеп-иштебей
турганда жана кулап түшкөндөн кийин же суусу
төгүлүп турса шайманды иштетүүгө тыюу салы-
нат.
• Шайманды өз алдынча оңдогонго тыюу са-
лынат. Шайманды өз алдынча ажыратпай,
ар кыл бузулуулар пайда болгон же шайман
кулап түшкөн учурларда аны розеткадан су-
руп, кепилдик талонундагы же www.vitek.ru
сайтындагы тизмесине кирген автордошту-
рулган (ыйгарым укуктуу) тейлөө борборуна
кайрылыңыз.
• Шайманды балдардын жана жөндөмдүүлүгү
төмөн болгон адамдардын колу жетпеген жер-
лерде сактаңыз.
АСПАП ТУРАК ЖАЙЛАРДА ТУРМУШ-ТИРИЧИЛИК
КОЛДОНУУГА ГАНА АРНАЛГАН, КОММЕРЦИЯ-
ЛЫК КОЛДОНУУГА, ӨНӨР ЖАЙ ЗОНАЛАРЫНДА
ЖЕ ЖУМУШ ИМАРАТТАРДА КОЛДОНУУГА ТЫЮУ
САЛЫНАТ.
Коопсуздук чаралары
• Өтө ысыган беттердин, мисалы, күл салгычтар-
дын тикеден-тик жакынчылыгында жана тез жа-
лындап кетүүчү суюктуктар сакталган жеринде
чаң соргучу иштетпеңиз.
• Шайманды колдонуудан мурун анын бузулу-
суна жол бербөө үчүн жерден учтуу заттарды
алып салыңыз.
• Шайманды иштетип турган мезгилде соруу-
нун кубаттуулугу тез азайып калса, аны ток-
тоосуз өчүрүп, телескоптук түтүгү же ийилчэ-
эк түтүкчөсү тыгылып калбаганын текшерип
алыңыз. Чаң соргучту өчүрүп, электр тармагы-
нан ажыратып, тыгылган жерин бошотуп, андан
кийн гана иштетүүнү улантсаңыз болот.
ЧАҢ СОРГУЧТУ КУРАШТЫРУУ
Төмөндөгөн
температурада
шайманды
транспорттоодон же сактоодон кийин аны
үч сааттан кем эмес мөөнөткө үй темпера-
турасында сактоо зарыл.
– Шайманды таңгактан чыгарып, шаймандын
иштөөсүнө тоскоолдук кылган ар кандай чапта-
маларды сыйрып алыңыз.
– Шаймандын бүтүн болгондугун текшерип, бузу-
луулар бар болсо шайманды колдонбоңуз.
– Шайманды иштеткенден мурун шаймандын
иштөөчү чыңалуусу электр тармагынын чыңа-
луусуна ылайык болгонун текшерип алыңыз.
Эскертүү: Насадка щеткаларды алмашты-
руунун жана чаң топтогучту (26) алмаш-
тыруунун алдында чаң соргучту өчүрүп, ку-
баттуучу сайгычты электр розеткасынан
ажыратыңыз.
Ийилчээк түтүкчөнү орнотуу жана чечүү
• Ийилчээк түтүкчөнүн учун (14) аба алуучу теши-
гине (25) киргизиңиз.
• Ийилчээк түтүкчөнү туура туташтырганын бел-
гилеген тырс этүүсүнө чейин сайыңыз.
• Ийилчээк түтүкчөнү чечүү зарылдыгы болсо,
бекитмелерин (15) басып, ийилчээк түтүкчөнү
чечиңиз.
Телескоптук түтүкчө менен
насадкаларын туташтыруу
• Узарткыч телескоптук түтүгүн (4) ийкем түтүктүн
туткасына (5) туташтырыңыз.
VT-1891.indd 21
3/29/18 8:30 AM